Бош орундарга ачык сынак жарыяланды

0
100 просмотров
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги
Бөлүм:
Кызмат орду:
Талаптар: в соответствии с законом Кыргызской Републики

“О государственной гражданской  службе и муниципальной службе” объявляет конкурс на следующие вакантную должность:

 

Общие квалификационные требования к административным муниципальным должностям:

  • Гражданин Кыргызской Республики;
  • Не имеющий судимости.
  • Достигший 18 лет.
  • Знание:
  • Для главных и старших административных муниципальных должностей:

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

 

Административдик мамлекеттик башкы жана улук кызмат орундары үчүн:

 

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча

типтүү нускамасы;

7) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

8)Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл. почта ж.б.);

-маалыматтардын чоң көлөмү менен иштөө жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу;

-маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү;

— колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу;

— уюштуру техникасы менен иштөө;

-маалыматтык коопсуздук.

 

Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундары үчүн:

 

1)  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

4)Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

— компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, эл. почта ж.б.);

-маалыматтардын чоң көлөмү менен иштөө жүргүзүү: жаңы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу;

-маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү;

— колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу;

— уюштуру техникасы менен иштөө;

-маалыматтык коопсуздук.

 

Эл аралык кызматташтык сектору

1.Сектордун башчысы (У-А) – 1 бирдик:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: англис тилин эркин сүйлөө менен гуманитардык жана табият тануу илимдер: (эл аралык мамилелер, эл аралык укук, чыгыш таануу жана чет тилдери боюнча лингвистика, англис тили, гидрометеорология, жаратылышты колдонуу жана экология) менеджмент. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 18-октябрындагы ПУ № 255 “Кызмат иштери боюнча чет өлкөлөргө баруу жана Кыргыз Республикасына келүү тартиби жөнүндө”  жарлыгын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобо, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук технологияларды билүүсү, чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-англис тилинде иштиктүү кат алышуу;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

3.3. Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык);

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

4.Кызматтык милдеттери:

-Кыргызгидрометтин жетекчилигине эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пландарды, сунуштарды жана башка документтерди, чет элдик инвестицияларды тартуу жана ЖМК аркылуу коомчулук менен өз ара иштешүү долбоорлорун берет;

-Кыргызгидрометтин маалыматтык саясатын түзүүдө катышат, Кыргызгидрометтин жетекчилигине аны ишке ашыруу чараларын сунуш кылат;

-Кыргызгидрометтин жетекчилигинин чечими менен Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жана уюмдарда анын компетенциясына кирген маселелер боюнча делегациянын курамында жыйналыштарга жана сүйлөшүүлөргө катышат;

-эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоодо, аларга экспертиза өткөрүүдө, кол коюуда жеке өзү катышат жана аларды ишке ашырууну уюштурат;

 

Укуктук камсыздоо сектору

2.Сектордун башчысы ( У-А) – 1 бирдик:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция, юридикалык, укук таануу боюнча жогорку кесиптик билими.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө ” мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүү тажрыйбасы;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдалануу жөндөмү;

-жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу көндүмдөрү;

-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштөө көндүмдөрү.

4.Кызматтык милдеттери:

-юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүү тажрыйбасы;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдалануу жөндөмү;

-жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу көндүмдөрү;

-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы.

 

3.Башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция, юридикалык, укук таануу боюнча жогорку кесиптик билими.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;

— Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

3.3.Көндүмдөрү:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдалануу жөндөмү;

-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу көндүмдөрү;

-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүү;

-келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштөө көндүмдөрү;

— компьютердик программалар (Microsoft Word, Excel, Power Point, Outlook, Internet ж.б.) менен иштөө көндүмдөрү;

-көп көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө көндүмү;

-топ ичинде иштей билүү жөндөмү,жоопкерчиликтүүлүгү, демилгелүүлүгү, стресске каршы тура алуучулугу;

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди түзүү көндүмдөрү, долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу, презентация кылуу көндүмдөрү.

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

4.Кызматтык милдеттери:

-юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүү тажрыйбасы;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдалануу жөндөмү;

-жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;

-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу көндүмдөрү;

-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы.

 

Телекоммуникация жана маалыматтык технология башкармалыгы

Монтаждоо-эксплуатациялык бөлүмү

4.Башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу, техникалык жана экономикалык илимдери: автоматташтыруу жана башкаруу (стандарттыштаруу, сертификатташтыруу жана метрология, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, гидрометеорология, экология, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, электроника жана наноэлектроника, инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, колдонмо информатика, колдонмо математика жана информатика, программалык инженерия, гидротехникалык-курулуш, гидротехника.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун .

3.2. Билгичтиги:

-метеорология сертификатто стандарттары боюнча документтерди билүү;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу  жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютрдик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

4. Кызматтык милдеттери:

-метрологиялык иштерди, пландык тапшырмаларды иштеп чыгып, жаңы өлчөө техникаларынын киргизилүүсүн камсыздайт;

-Кыргызстандарт менен мамлекеттик жана ведомстволук өлчөө каражаттарды текшерүү боюнча жылдык графикти макулдашат;

-Воейков атындагы ГГОнун базалык уюмдары жана Кыргызстандарттын лабораториясы менен өз алдынча жумущ алып барат;

-ӨКтүн аралык текшерүүлөрүнүн  интервалынын аткарылышын карайт;

-стандарттар жана стандартташтыруу боюнча башка документтерди иштеп чыгууну камсыздайт;

-Агентиктин байкоо тармактарында жаңы өлчөө каражаттарын иштеп чыгууну жүргүзөт.

 

Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгы

Гидрометеорологиялык маалымат жана маалыматтык камсыздоонун мамлекеттик кору бөлүмү

5. Башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илими: (гидрометеорология, метеорология, гидрология, физика, география, жаратылышты колдонуу жана экология).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”  мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”,2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөн гидрометеорология чөйрөсүндөгү байкоолор жана изилдөөлөр боюнча документтерди табууну жана топтоону уюштурат;

-ГММКМКБнын документтерин калыптоону, топтоону, эсептөөнү жана колдонууну уюштурат;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу  жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3. Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

4.Кызматтык милдеттери:

-документтерин калыптоо, топтоо, эсепке алууну жана колдонууну уюштурат;

-Кыргызгидрометтин курамдык түзүмдөрүнө ж.б. уюмдардын колдонуучуларына документтерин берүүнү уюштурат;

— кайтарылып келген документтердин абалына текшерүүнү жүргүзөт;

— документтерине жаңылоону жана калыбына келтирүүнү уюштурат ж.б.у.с.

 

Ыкчам маалыматтарды жалпылоо, аналитика, стратегиялык пландоо жана сандык моделдөөлөр башкармалыгы

Илимий изилдөөлөр, сандык моделдөөлөр бөлүмү

6.Башкы адиси (У-Б) 1-бирдик:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу, техникалык, илимдери: (гидрометеорология, гидрология, метеорология, физика, математика, география, жаратылышты колдонуу жана экология, телекоммуникация, маалыматтык технология, маалымат системалары жана технологиялары).

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-программалоо тилин билүү;

-атмосферанын физикасы жана динамикасы жөнүндө билими;

-сандык болжолдоолор ыкмасын билүү;

-математикалык статистика боюнча билими;

-географиялык маалыматты чогултууга, уюштурууга, башкарууга, анализдөөгө, алмашууга жана жайылтууга мүмкүндүк берген системалар менен иштөө («QGIS», «ArcGIS», «GRADS», «NCL» программалары менен же башка заманбап программалар менен иштөөнү билүү;

-ар түрдүү операциялык тутумдары  менен («OC Linux») иштөөнү билүү;

-презентация кылуу жана иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-дифференциалдык теңгдемелерди сандык ыкмалар менен чыгаруу билими;

-мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-чон маалыматтар менен иштөөнү билүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана илимий документтерди маалыматтарды түзүү, презентация кылуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.

 

Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адис

7.Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адиси (К-Б) – 1 бирдик:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар: табият таануу (техносфердик коопсуздук) техникалык илимдер: (энергетика жана электроэнергетика, өндүрүштүк-жарандык курулуш) техникалык илимдер боюнча билими кубатталат.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”,“Эмгекти коргоо”, Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-эмгекти коргоо боюнча инструкция жана ченем, эрежелер, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария, өрткө каршы коргонуу жөнүндөгү мыйзамдарын билүү;

-жабдыктардын техникалык абалын, сактоочу жана коргоочу түзүлүштөрдү, желдетүүчү системдин ишинин эффективдүүлүгүн көзөмөлдөө;

— коркунучу жогорулаган иштердин тизмесин түзөт, аларды каттайт, коопсуз өндүрүштүк иштер үчүн көзөмөл жүргүзүү;

-кызматкерлерге эмгектин коопсуздук усулдарын окутуу программасын иштеп чыгуусун билүү;

-өндүрүштүк кырсык болгон кезде актылардын түзүүсүн даярдоо;

— эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча кызматтык нускамаларынын аткарылышын билүү;

-электр коопсуздугунун биринчи учурда болгон кызматкерлердин тизмесин түзүүсүн билүү;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик   тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

4.Кызматтык милдеттери:

— жумуш ордундагы иш шарттарын изилдөө;

-эмгекти коргоо боюнча иштерди уюштуруу;

— коопсуздук системасынын стандарттарын аныктоо;

-эмгекти коргоо иш чаралары боюнча отчетторду даярдоо.

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын тапшыруу зарыл:

— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

— сунуш каттарын (мүмкүн болушунча);

— КР ИИМнен соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымкаты;

— ден соолук абалы жөнүндө маалымкатты.

Сынака катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде 2020-жылдын 20-октябрынан 2-ноябрына чейин төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Персоналдар менен иштөө бөлүмү 1-кабат, каб. 2 тел.:0312 314699, 316535, 316290.

Толук маалыматты КР МККнын (www.mkk.gov.kg), Агенттиктин (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.

Статус: кабыл алуу ачык
Кабыл алуунун башталышы: 20.10.2020
Кабыл алуунун бүтүшү: 03.11.2020

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here