2020-жылдын 22-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
57 просмотров

Шашылыш билдирүү!!!

2020-жылдын 23-24-октябрларында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда  жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл  облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйыдатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 21-октябрь күнү №02-34/692-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.  

2020-жылдын 22-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

                           Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 22-октябрь күнү саат 07:21де  Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Бостон, Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5 балл, Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 34 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6

7

8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                7-ӨКБ

1 б

1 13:15 жеткенге чейин 13:28 Октябрь району, Учкун кичи району, 16-үй, батирден түтүн чыккан. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчкөн. Өрттүн себеби: такталууда.
2.                3-ӨКБ

1 б

1 13:32 13:55 14:08 14:14 14:55 Свердлов району, Карагай токоюнда ачык аймакта 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                28-ӨКБ

1 б

1 15:18 15:24 15:44 16:00 16:12 Ленин району, Арча-Бешик конушу, Узун-Булак көчөсү № 35, ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                5-ӨКБ

1 б

1 15:28 15:36 маалымат текшерүү 15:56 Октябрь району, Байтик-Баатыр көчөсү  №9, турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.
5.                5-ӨКБ

1 б

1 17:21 17:34 17:44 17:49 18:09 Биринчи Май району, Абая көчөсү № 93, ачык аянтта 70 чарчы метр куураган чөп күйүгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                28-ӨКБ

1 б

1 20:45 20:54 20:59 21:07 21:15 Ленин району, Арча-Бешик конушу А.Токомбаев көчөсү, ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                3-ӨКБ

1 б

1 23:52 00:00 жеткенге чейин 03:56 Октябрь району, Чүй проспекти куураган чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
8.                7-ӨКБ

1 б

1 04:01 04:10 04:17 04:23 04:45 Свердлов району, Бакай-Ата конушу, Эр Табылды көчөсү, ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

9.                85-ӨКБ

1 б

1 18:49 18:55 19:04 19:31 19:41 Ош шаары, Исанов көчөсү №17, ачык аймакта таштанды жана 6 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

10.           27-ӨКБ

1 б

1 10:45 жеткенге чейин 11:11 Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, М.Горький көчөсү №107,  короодо бастырма күйгөн. Өрт жеткенге чейин өчкөн. Өрттүн себеби: такталууда. —-
11.           5-ӨКБ

1 б

1 12:17 12:26 12:50 13:00 13:07 Кемин району, Кемин шаары, Соведский көчөсү №52, ачык аймактта 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.           24-ӨКБ

1 б

1 13:12 13:13 13:19 13:21 13:29 Токмок шаары, Биринчи кичи району, ачык аймакта 10 чарчы метр  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.           2-ӨКБ

1 б

1 14:45 14:50 15:00 15:15 15: Панфилов району, Жайылма айылы, Тынчтык көчөсү №37, короодо 20 чарчы метр сарай жана 70 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.           3-ӨКБ

1 б

2-ӨКБ

1 б

1-ӨКБ

1 б

ШТАБ

 

1  

16:31

 

16:36

 

16:44

16:49

 

 

16:41

 

16:42

 

17:00

17:05

 

17:37

 

18:56

 

19:35

 

18:56

 

19:35

18:27

 

Аламүдүн району, Эне-Сай конушу Алма-Ата көчөсү №539, жыгач устунду шифер менен жабылган  жалпы аянты 250 чарчы метр үйдүн жана мончонун чатыры күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 4ствБ
15.           4-ӨКБ

1 б

 

1 16:49 16:52 17:20 19:50 20:13 Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Веселый көчөсү. Короодо 250 түк чөп жана 50 ч.м. бастырма күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
16.           5-ӨКБ

1 б

 

1 17:07 17:27 18:34 18:54 19:21 Кемин району, Орловка шаары, Металлург кичи району  “Теремок”  бала бакчанын аймагында 1га кураган чөп жана 6 бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
17.           27-ӨКБ

1 б

 

1 17:10 17:15 Ысык-Ата району, Люксенбург айылы, Ваккера көчөсүндөгү жети миң престелген чөптөн чыккан өрт көзөмөлдө турат.
18.           5-ӨКБ

1 б

 

1 18:00 19:14 19:21 00:03 01:16 Кемин району, Кайыңды айылы, Шайбеков көчөсү №28, 500 түк чөп. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
19.           5-ӨКБ

1 б

1 01:04 жеткенге чейин 01:44 Аламүдүн району, Таш-Мойнок айылы, ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.
20.           6-ӨКБ

1 б

1 03:47 04:02 04:35 04:45 04:56 Сокулук району, Алыкулов жана Селекционная көчөлөрүнүн кесилишинде “Subaru autback” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

21.           23-ӨКБ

1 б

1 12:23 12:45 12:49 13:39 15:07 Кара-Суу району, Сары-Колот айыл аймагы, Ак-Колот айылы, Акулов Жолборс көчөсү №105, жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабатту бастырма жана 200 боо жүгөрү сабагы, 850 түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби жаш балдардын от менен шоктугу. 2ствБ
22.           102-ӨКБ

1 б

1 12:23 12:31 12:42 13:40 14:00 Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы, Маданият айылы, Курманжан-Датка көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган  турак үйдүн 74 чарчы метр чатыры жана 200 түк жүгөрүнүн сабагы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
23.           66-ӨКБ

1 б

1 23:10 23:15 23:37 00:02 00:22 Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айыл аймагы, Бий-Мырза айылы, Момбеков көчөсү №20, үйүнүн сарайынын 40м2 жыгач шыбы. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

24.           46-ӨКБ

1 б

1 12:33 12:39 12:51 13:25 13:35 Тогуз-Торо району, Каргалык айыл аймагы, Казарман айылы, Кадыркулов көчөсү №10, короодо  60 пресс жыйылган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен шоктугу 1ствБ
25.           65-ӨКБ

1 б

1 12:44 13:00 жеткенге чейин 13:40 Сузак району, Сузак айыл аймагы, Достук айылы, Мусалиев көчөсүндө турак үй күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
26.             73-ӨКБ

1 б

1 14:08 14:25 жеткенге чейин 14:51 Ала-Бука району, Эльзар айылы, короодо куураган чөп күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
27.           55-ӨКБ

1 б

1 15:12 15:16 15:21 15:34 16:07 Ноокен району, Маасы айыл аймагы, Маасы айылы, Токтогулов көчөсү, ачык аймакта 6 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
28.           81-ӨКБ

1 б

1 15:27 15:47 15:57 12:38 13:15 Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Кайың-Суу тилкеси, ачык аянтта 300 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1стБ кол каражат
29.           59-ӨКБ

1 б

1 15:47 16:25 16:28 17:00 17:45 Сузак району,  Курманбек айыл аймагы, Ак-Тоок айылы, жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 10 чарчы метр болгон 1 кабаттуу сарай жана  70 түк престелген саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
30.           66-ӨКБ

1 б

1 23:10 23:15 23:37 00:02 00:22 Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айыл аймагы, Бий-Мырза айылы, Момбеков көчөсү №20, үйүнүн 40чарчы метр сарайдын жыгач шыбы күйгөн. Себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

31.           42-ӨКБ

1 б

1 12:50 14:13 14:35 18:36 19:45 Кочкор району, Дөң-Алыш айылы, Жалпетеков көчөсү №30, короодо 800 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

32.           19-ӨКБ

1 б

1 19:39 19:50 19:58 20:46 21:16 Балыкчы шаары, Абдрахманов көчөсү №305, короодо  стропила 3метр 10 даана жана эски курулуш материалдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Чүй облусу

Аламүдүн районунда 21-октябрь күнү саат 18:47де Мыкан айылындагы ГЭС-3 көлмөсүндө 1 эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган, натыйжа болгон эмес.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден жалпы 26 куткаруучу жана ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылды.

22-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here