Авариялык абалдагы үйдө жашаган гидробайкоочуга мобилдик үй жеткирилип берилди

0
50 просмотров

Ысык-Көл облусунун Аксуу районуна караштуу Тургень-Аксуу гидропостунун байкоочусу Чынара Сармамбетова министрликтин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору  Абдишарип Бекиловго жашаган үйүнүн авариялык абалда экенин айтып, маселени чечип берүү боюнча кайрылган. Себеп дегенде,  маселе көп жылдан бери чечилбей келгенин билдирген.

Бул маселе 2020-жылдын сентябрь айында республиканын аймагындагы метеостанциялардын, гидропосттордун, аргопосттордун, кар көчкүгө каршы станциялардын кышкыга даярдыгын текшерүү боюнча директордун  иш-сапарында талкууланып, А.Бекилов маселени оң жагына чечип, авариялык абалдагы үйдө жашаган гидробайкоочуга мобилдик үй жеткирилип берилген. Кошумчалай кетсек, Каракол метеостанциясынын башчысы, гидробайкоочу директорго ыраазычылык билдирип өтүштү.

Эскерте кетсек, Кыргызгидрометтин гидропосттору айылдардан алыскы, калк жашабаган, жетүү кыйын болгон, жашоо шарты татаал аймактарда жайгашкандыктан, аба-ырайына, дарыялардагы суунун көлөмүнө, ылдамдыгына күнү-түнү байкоо жүргүзгөн кызматкерлерге кызматтык үйлөр курулуп, байкоочулар ошол үйлөрдө жашашат.

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here