«Семетей» госпиталында оңдоо-калыбына келтирүү иштери 90% га аткарылды

0
68 просмотров

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин “Семетей” госпиталына болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Адилбек Чаргынов маалымдагандай, №1160-блокту жандандыруу бөлүмүнө кайра профилдештирип, дубалдарды демонтаждоо жана актоо, канализация тутумун орнотуу, блокторго электр зымдарын орнотуу, реанимация бөлүмүнүн кире беришин, дубалдарын суу негизиндеги боёк менен актоо жана башка жумуштар жүргүзүлдү. Учурда оорукананын имаратын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн электр конвекторлорун сатып алуу иш-чаралары аткарылып жатат.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Б.Ажикеев жумушту толугу менен ушул аптанын аягына чейин бүтүрүү боюнча тапшырма берди.

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here