Ош облусунун аймагында ӨКМ тарабынан мектеп окуучуларына кароо-сынак болуп өттү

0
48 просмотров
2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата, бекитилген иш-мерчемге ылайык, билим берүү мекемелеринде өтүлүүчү иш-чараларды өз убагында жана жогорку денгээлде аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында 2020-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кырсыктардын тобокелин азайтуу максатында иш-чаранын негизинде Ош облусунун аймагында билим берүү мекемелеринде кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлык иш-чаралар өткөрүлдү.
Кырсыктардын тобокелин азайтуу иш-чарасына арналган кароо-сынак КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ӨК бөлүмдөрү, облустук, райондук билим берүү мекемелери жана КРнын “Кызыл жарым Ай” улуттук коому менен биргеликте өткөрүлдү.
Кароо-сынактын жыйынтыгы облустук деңгээлде “Эң мыкты эссе” Кара-Кулжа районунун О.Садилканов автордук гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу Өзгөнбай кызы Айсезим – 1 орун, Өзгөн районунун В.И.Ленин атындагы №2 орто мектебинин 9 “Д” классынын окуучусу Хушнудбек кызы Диера – 2 орун жана Алай районунун Гүлчө айылынын №1 Муса Адышев атындагы мектеп-гимназиясынын 10 “А” классынын окуучусу Рыскелди кызы Кулпунай – 3 орун,
ал эми “Эң мыкты сүрөт” Алай районунун Гүлчө айылынын №1 Муса Адышев атындагы мектеп-гимназиясынын 6 “А” классынын окуучусу Абдибалиева Нурайым 1 орун, Кара-Кулжа районунун О.Садилканов автордук гимназиясынын 7 “А” классынын окуучусу Турумбеков Азирет 2 орун жана Өзгөн районунун В.И.Ленин атындагы №2 орто мектебинин 7 “Е” классынын окуучусу Ашурбаева Хадича жеңүүчүлөрү болуп аталган.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын “Ыраазычылык баракчасы кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө тапшырылды.
КРнын “Кызыл жарым Ай” улуттук коомунун Ош облусундагы өкүлдөрү тарабынан жеңүүчүлөргө баалуу белектерин тапшырды.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here