Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектешкен аймагында жер титирөө катталды

0
84 просмотров

2020-жылдын 26-октябрь күнү саат 09:10до Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 баллга чейин сезилген жана Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Джоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here