2020-жылдын 28-октябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
141 просмотров

2020-жылдын 28-октябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаары

2020-жылдын 27-октябрь күнү саат 14:06да Алай көчөсүндө жайгашкан №35 көп кабаттуу үйдүн 128-батиринен (4-кабат) өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 2 адам (1 эркек: 1968-жылы туулган, 1 аял: 1968- жылы туулган) түтүнгө ууланышып, ооруканага жаткырылган, абалдары туруктуу.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 3 өрт өчүрүү бөлүмү, 1 автошаты, башкармалыктын жана ККББнын ыкчам топтору, Куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары медициналык тез жардам кызматынан 5 бригада, ИИМден 40 кызматкер, РЭТ мекемесинен 1 бригада,  шаардык суу канал ишканасынан 3 кызматкер тартылды.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15:34дө толук өчүрүлгөн. Өрт болгон аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен батирдин 26 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттүн себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 26 өрт өчүрүүгө бөлүм тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                6-ӨКБ

1 б

 

1 15:28 15:40 16:05 16:36 17:20 Ленин району, Ак-Өргө конушу, Ашар көчөсү №35к, “Ай-Тилек” менчик балдар бакчасынын от жагуучу бөлмөсүндө от жагуучу меши жарылган. Кырсыктын кесепетинен 1999-жылы туулган эркек киши бутунан жана жамбашынан күйүк алып ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

2.                13-ӨКБ

1 б

1 б

12-ӨКБ

1 б

АШ

166

ККББ

 

1  

14:06

14:14

 

14:16

14:12

 

14:33

 

14:10

14:19

 

14:27

14:17

 

14:40

 

15:05

 

15:34

 

16:20

15:56

15:48  15:59

 

16:03

 

Алай көчөсү №35 үй, 28-батир, 10 кабаттуу турак үйдүн 4-кабатында жайгашкан батирдин 26 чарчы метр уктоочу бөлмөсү жана коридору толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам (1 эркек: 1968-жылы туулган, 1 аял: 1968-жылы туулган) түтүнгө ууланышып, ооруканага жаткырылган, абалдары абалдары туруктуу. Өрт болгон аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен болгон шоктугу. 2ствБ
3.                13-ӨКБ

1 б

 

1 18:01 18:10 18:13 18:20 18:40 Тилеке-Баатыр көчөсү №26, таштанды таштоочу жайда 12 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4.                27-ӨКБ

1 б

1 07:14 07:25 08:30 08:45 08:56 Ысык-Ата району, Биринчи Май айылы, Пионер көчөсү № жок, кампада 50 тонна көмүр түтөгөн. Өрттүн  себеби: такталууда. 1ствБ
5.                24-ӨКБ

1 б

1 11:30 11:39 12:00 13:40 13:35 Токмок шаары, өнөр жай ишканасынына тиешелүү, 70 шпал жана 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                20-ӨКБ

1 б

1 б

1  

11:43

12:40

 

12:15

 

12:45

 

17:28

 

18:40

13:17

Чүй району, Султан айылы, Ысман көчөсү №28, сарайдын ичинде 1200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                27-ӨКБ

1 б

1 12:17 12:20 жеткенге чейин 13:10 Ысык-Ата району, Кант шаары, Ленин көчөсү, “Дав” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
8.                2-ӨКБ

1 б

1 13:08 13:26 14:18 14:30 14:57 Панфилов району, Вознесеновка айылы, Борбордук көчөсү №31,  жалпы аянтты 270 чарчы метр болгон кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.                5-ӨКБ

1 б

1 13:45 14:08 14:40 17:13 17:55 Кемин району, Самансур айылы, Мирный көчөсү №20, короодо 500 жыйылган түк  чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           24-ӨКБ

1 б

1 16:35 16:37 16:41 17:00 17:08 Токмок шаары, 3-кичи району, 7-а үйдүн жанында 25 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
11.           6-ӨКБ

1 б

1 22:15 22:25 22:36 22:48 22:59 Сокулук району, Новопавловка айылы, Корсакова  көчөсү №97, турак үйдүн бөлмөсүндө 9 чарчы метр төшөк жана сыналгы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

12.           53-ӨКБ

1 б

1 14:30 14:35 14:50 15:00 15:20 Өзгөн району, Өзгөн шаары, Абдувахидов көчөсү №5, турак үйдүн жер төлөөсүндө муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.           64- ӨКБ

1 б

1 00:46 00:53 жеткенге чейин 01:42 Араван району, Юсупов айыл аймагы, Жами көчөсү, короодо 20 чарчы метр бастырма күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусу

14.           58-ӨКБ

1 б

1 07:50 07:53 жеткенге чейин 08:18 Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Жеңи-Жок көчөсү 32-үй, 11-батир, турак үйдүн бөлмөсүндө сандык күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
15.           20-ӨКБ

1 б

1 11:10 11:15 11:22 11:37 11:54 Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Дөмөр айылы, Эргешова көчөсү №3, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана 40 боо жүгөрү сабагы жана 40 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.           70-ӨКБ

1 б

1 15:13 15:19 15:27 17:03 18:07 Аксы району, Кербен шаары, Баетов көчөсү №3, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры жана 20 түк чөп, 20 боо отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
17.           58-ӨКБ

1 б

1 19:40 19:45 19:50 20:15 20:34 Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району,  Жеңи-Жок көчөсү №17, ачык аянтта 15 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1ствБ

Ысык-Көл облусу

18.           31-ӨКБ

1 б

1 10:40 10:55 13:35 13:40 14:53 Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы, ачык аянтта 20 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
19.           15-ӨКБ

1 б

1 17:07 17:22 17:40 19:07 20:30 Ак-Суу району, Бурма-Суу айылы, Акжолов көчөсү №26, короодо 300 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
20.           36-ӨКБ

1 б

1 06:12 06:16 06:21 07:30 07:41 Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы,  Дзержинский көчөсү №31, көмүркананын 2 чарчы метр чатыры күйөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

21.           77-ӨКБ

1 б

1 14:17 15:30 15:45 15:57 16:37 Кадамжай району, Алга айылы, Күнгөй  тилкеси, ачык аянтта 800 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
22.           62-ӨКБ

1 б

1 16:03 16:07 16:12 16:20 17:17 Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев көчөсү, жол жээгинде “Матиз” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
23.           74 ӨКБ

1 б

1 01:02 01:47 02:35 02:58 Лейлек району, Ак-Суу айыл аймагы, Ак-Суу айылы, Разаков көчөсү №100, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

Ош шаары

2020-жылдын 27-октябрь күнү саат 16:57де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Алай көчөсүндө жайгашкан №35 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

2020-жылдын 27-октябрь күнү саат 22:15те КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Джим көчөсүндө жайгашкан №9 үйүнүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

2020-жылдын 27-октябрь күнү саат 21:18де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Райымбердиев көчөсүндө жайгашкан №13 үйүнүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

27-октябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.

28-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 2020-жылдын 27-октябрь күнү саат 21:16да КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан №142 үйүнүн батиринин жабылып бекилип калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here