Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөгү өрттүн себептери аныкталды

0
52 просмотров

2020-жылдын 27-октябрь күнү саат 14:06да Алай көчөсүндө жайгашкан №35 көп кабаттуу үйдүн 128-батиринен (4-кабат) өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 2 адам (1 эркек: 1968-жылы туулган, 1 аял: 1968-жылы туулган) түтүнгө ууланышып, ооруканага жаткырылган, абалдары туруктуу.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 3 өрт өчүрүү бөлүмү, 1 автошаты, башкармалыктын жана ККББнын ыкчам топтору, Куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары медициналык тез жардам кызматынан 5 бригада, ИИМден 40 кызматкер, РЭТ мекемесинен 1 бригада,  шаардык суу канал ишканасынан 3 кызматкер тартылды.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15:34дө толук өчүрүлгөн. Өрт болгон аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен батирдин 26 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттүн себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here