Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылынан өткөн Каракол суусунда жыл сайын үрөр (шуга) жүрүп, муз тоңуп, турак жайларды каптоо коркунучу жаралып келген. Коркунучту алдын алуу максатында, ӨКМнин атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу мерчемине киргизилген. КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын көрөңгөсүнөн дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилип, министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү механизациялаштырылган базасынын техникалары тартылып, 250 метр аралыкта суунун нугун тазалоо жана жээгин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Иш-чаранын натыйжасында 60 турак—жай корголгон.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы