Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

0
72 просмотров

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 16-ноябрь күнү саат 01:19да Бишкек-Ош унаа жолунун 300-чакырымында (Торкент айылы) “Хонда Степ” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Натыйжада 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган.

КР ӨКМнин №97 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жабыркагандарды ооруканага тез жардам кызматы жеткирген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here