2020-жылдын 17-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Бүгүн күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-ноябрда Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
- Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № | Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт |
Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби
|
Берилген ствол
ГТКК
|
|||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
|||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | |
Бишкек шаары |
|||||||||||
1. | 3-ӨКБ
1 б |
1 | 14:36 | 14:40 | 14:46 | 14:56 | 15:15 | Свердлов району, Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде “Lexus RX300” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
2. | 3-ӨКБ
1 б |
1 | 01:38 | 01:48 | 01:57 | 02:50 | 03:00 | Свердлов району, Бакай-Ата конушу, Ак-Балта көчөсү №31, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 48 чарчы метр турак үйдүн чатыры, муздаткыч, сыналгы, жумшак эмерек, газ плита, кир жуугуч жана тигүүчү машина күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. | 2 ствБ | ||
Ош шаары |
|||||||||||
3. | 13-АӨКБ
1 б |
1 | 13:53 | 13:54 | 13:56 | 14:14 | 14:28 | Кара-Суу көчөсү №8, батирдин ичинде 5 даана төшөк күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
Чүй облусу |
|||||||||||
4. | 2-ӨКБ
1 б |
1 | 18:37 | жеткенге чейин | 19:08 | Панфилов району, Панфилов айылы, Подгорный көчөсү №1, турак үйдүн чатыры күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: мештерди курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушу. | — | ||||
5. | 6-ӨКБ
1 б |
1 | 19:15 | жеткенге чейин | 19:57 | Сокулук району, Ак-Ордо-3 конушу, Мурас көчөсү №25, турак үй күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. | — | ||||
6. | 4-ӨКБ
1 б |
1 | 06:07 | 06:13 | 06:27 | 07:13 | 07:38 | Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Ч. Айтматов көчөсү №3, жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 24 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
Ысык-Көл облусу |
|||||||||||
7. | 31-ӨКБ
1 б |
1 | 15:17 | 15:30 | 15:57 | 16:19 | 16:44 | Ысык-Көл району, Бостери айылы, ачык аянтта 210 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
Баткен облусу |
|||||||||||
8. | 77-ӨКБ
1 б ТКК №2 ӨМТКВ 5 кут. 76-ӨКБ 1 б |
1 | 10:06
10:40
10:50 |
10:25
10:50
жолдон кайтуу |
11:04 | 12:48 | 14:20
12:00
11:24 |
Кадамжай району, Айдаркен шаары, Алга айыл аймагы, Шакшак айылы, Бирлик көчөсү №2, 2 бөлмөлү аянты 96 чарчы метр турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1974-жылы туулган денесинен күйүк алып каза болгон. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүлу берилген. Өрттүн себеби: такталууда. | 2 ствБ | ||
Ош облусу |
|||||||||||
9. | 53-ӨКБ
1 б |
1 | 16:54 | 16:56 | 17:00 | 17:02 | 17:23 | Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, №74 үйдүн 1-кабатында жайгашкан №34 почта бөлүмүндө электр жылыткычтын үстүндө төшөк күйгөн. Өрттүн себеби: электр жылыткычтын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. | 1 ствБ | ||
10. | 53-ӨКБ
1 б 1 б |
1 | 03:58
04:00 |
04:07
04:07 |
04:35 | 05:05 | 06:50
05:30 |
Өзгөн району, Өзгөн шаары, Ленин көчөсү №152, Өзгөн райондук сотунун имаратынын 45 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 3 ствБ | ||
Жалал-Абад облусу |
|||||||||||
11. | 55-ӨКБ
1 б |
1 | 03:13 | 03:39 | 03:53 | 07:50 | Ноокен району, Сакалды айыл аймагы, Чоң-Багыш айылы, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 72 чарчы метр чатыры, 32 чарчы метр кампа, 500 түк чөп, 200 боо жүгөрү сабагы жана 2 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 2 ствБ | |||
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:
Бишкек шаары
Свердлов районунда 16-ноябрь күнү саат 10:32де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары А. Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан №12 үйдүн 9-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Баткен облусу
Кызыл-Кыя шаарында 16-ноябрь күнү саат 10:13тө Маяковский көчөсүндө жайгашкан №12 үйүнүн батиринин суу түтүгү жарылып, суу каптаган.
КР ӨКМнин №62 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары сууну токтотуп беришкен.
Нарын облусу
Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен.
16-ноябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 3 куткаруучу тартылды.
17-ноябрь күнү издөө иштери улантылат.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.