2020-жылдын 19-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
121 просмотров

Шашылыш билдирүү!

19-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 19-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 19-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-21-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн

-10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, чыгышында -6…-11° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз  -1…-6°, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -13…-18°, күндүз          -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -14…-19° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 17-ноябрь күнү №02-34/744-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2020-жылдын 19-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 10:50 11:10 11:14 11:24 12:04 Свердлов району, Низолаев көчөсү №38 үй, жыгач устунду шифер менен  жабылган жалпы аянты 70 чарчы метр сарайдын чатыры жана 1 куб отун күйгөн:  Себеби: такталууда. 1ствБ
2.                4-ӨКБ

1 б

1 б

1 13:40

 

13:42

13:51 13:59 14:05 14:42

 

14:11

Биринчи Май району, Тоголок Молдо көчөсү №40, Кожомкул атындагы спорт сарайынын ичинде электр щитовой бөлмөсүндө 2 даана музыкалык колонка, 1даана усилитель аппарат күйгөн. Себеби: такталууда. кол шайманадары менен
3.                5-ӨКБ

1 б

 

1 15:43 15:50 16:01 16:16 16:39 Октябрь району, Кулатов көчөсү №1-А, “Юг-мебель” экинчи кабатында 50чарчы метр курулуш таштанды күйгөн. Себеби: такталууда.  1ствБ
4.                5-ӨКБ

1 б

1 20:58 21:08 21:13 21:19 21:26 Октябрь району, Горький  көчөсү №48/1, үйдүн жанында таштанды таштоочу жайда 20 чарчы метр таштанды күйгөн.  Себеби: такталууда. 1ствБ
5.                3- ӨКБ

1 14:26 14:42 жеткенге чейин 15:32 Свердлов району, Фере көчөсү №34,  аянты 18 чарчы метр бөлмөнүн пластик дубалы, 2 даана компьютер, 2даана стол, 2 даана стул, 2 даана принтер, шкаф күйгөн. Себеби: такталууда.
6.                5-ӨКБ

1 01:47 01:59 02:10 02:42 03:46 Октябрь району, Көк-Жар кичи району, Мавлянов көчөсү, Аламүдүн дарыясынын боюнда (Гараждардын кооперитиви №41) гараждын ичинде диван, эски кийим-кечелер, 1 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: такталууда. 1ствБ
7.                4-ӨКБ

1 02:21 02:32 02:58 05:39 06:03 Биринчи-Май району, Сары-Озон базары, Клубная көчөсү №14, аянты 14 чарчы метр Камаздын пенопласт менен жылууланган жыгач прицепи, ичинде 5 тонна кызылча, аянты 3 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын чатыры, редька 500 кг, “Газель” үлгүсүндөгү автоунаанын эки дөнгөлөгү, 2 чарчы метр салондун ички капталгасы, арткы чырагы күйгөн. Себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

8.                27-ӨКБ

1 б

1 15:31 жеткенге чейин 15:36 Ысык-Ата району, Кант шаары, Жакыпова көчөсү №109, кампа күйгөн.
9.                27-ӨКБ

1 б

1 05:58 05:59 06:23 Ысык-Ата району, Кант шаары, 1-кичи району жашылча дүкөнү.
10.           21- ӨКБ

1 б

1 16:30 16:44 16:52 17:26 17:45 Токмок шаары, Фабричная көчөсү №56, үйүнүн от жагуучу бөлмөсү күйгөн, жалпы аянты 10 чарчы метр. Себеби: кыска туташуусу. 1ствБ
11.           21- ӨКБ

1 б

1 20:15 20:23 20:36 21:22 22:18 Токмок шаары, Пушкин көчөсү  №157, үйүнүн 2чарчы метр шыпы күйгөн. Себеби моордун туура эмес орнотулушу. 1ствБ
12.           6- ӨКБ

1 б

 

1 20:08 20:20 20:36 21:16 22:25 Сокулук району, Новопавловка айыл аймагы, Алтын-Ордо жаңы конушу,  Ак-Шоола көчөсү №15, үйүнүн 20 чарчы метр от жагучуу бөлмөнүн жыгач устунду темир жабылган чатыры жана 2,5 тонна көмүр күйгөн. Себеби: такталууда. 1ствБ
13.           28- ӨКБ

1 б

 

1 21:57 22:15 жеткенге чейин 23:03 Аламудун району, Таш-Дөбө айыл аймагы, Горький көчөсү №75,  Вольсваген траспортер автоунаасы толугу менен күйгөн.
14.           23-ӨКБ

1 б

1 00:55 01:34 03:27 04:48 05:18 Сокулук району, Жаңгарач айылы, Жыламыш көчөсү, турак үйдүн чатыры күйгөн жалпы аянтты 60м2. Себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

15.           19-ӨКБ

1 б

1 13:03 13:10 13:15 13:40 14:05 Балыкчы шаары, Интернациональная Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын кабинасы күйгөн. Себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

16.           16-ӨКБ

1 б

1 15:30 16:30 16:33 17:53 18:30 Нарын району, Кара-Чий айыл аймагы, ачык аянтта 2га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда. 1ствБ
17.           43-ӨКБ

1 б

1 23:55 00:40 01:25 03:30 04:11 Жумгал району, Байзак айылы, Эгембердиев тилкеси, болжол менен 2000 түк чөп, 200 пресс саман күйгөн. Себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

18.           78-ӨКБ

1 б

1 9:41 9:50 9:55 11:58 13:04 Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Бегимкулов көчөсүнүн №20 турак үйүнүн бөлмөлөрү күйгөн жалпы аянты 140чарчы метр. Себеби:  электр зымдардын кыска чагылышы. 2ствБ
19.           94-ӨКБ

1 б

1 14:33

 

14:45

14:45

 

15:00

 

14:47

 

15:35

 

15:35

16:05

Кара-Көл шаары, Кайынды айыл аймагы, Ак-Таш көчөсүнүн үйүнүн 1 бөлмөсү жана чатыры толугу менен күйгөн, жалпы аянты 64м2. Себеби: такталууда. 1ствБ
20.           78-ӨКБ

1 б

1 18:05 18:25 жеткенге чейин 18:53 Базар-Коргон району,  Базар-Коргон айыл аймагы,  Базар-Коргон айылы, Нышанбаев көчөсүнүн №81 үйү.
21.           55-ӨКБ

1 б

1 22:11 22:29 22:52 02:10 02:55 Ноокен району, Арал айыл аймагы, Бассин көчөсү №22 үйдүн жалпы аянтты 134 чарчы метр күйгөн. Себеби: такталууда. 2ствБ
22.           54-ӨКБ

1 20:02 20:15 20:22 21:38 21:57 Сузак району, Кок-Жангак шаары Красноармейская көчөсүндөгү №29 үйүнүн 24чарчы метр күйгөн. Себеби: такталууда. кол шаймандары менен

Ош облусу

23.           64-ӨКБ

1 б

1 23:33 23:45 00:05 00:50 01:22 Араван району, Анаров айыл аймагы,  Пахта-Абад айылында жайгашкан турак үйдүн 24 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү. 2ствБ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунда 17-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында Достук айылынын Бел жайлоосунда “Нива” үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып тоодон кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын жүргүнчүсү каза болуп, айдоочусу оор жаракат алган. Бүгүн жабыркаган адамдын маалыматы боюнча унаада дагы 1 адам бар болгон.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары, Майлуу-Суу шаардык №83 ӨКБдан 2 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 1977-жылы туулган жаарандын жансыз денеси табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган кичине бала чөгүп кеткен.

18-ноябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.

19-ноябрь күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here