2020-жылдын 20-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
124 просмотров

Шашылыш билдирүү !

20-21-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, чыгышында -6…-11° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз  -1…-6°, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -13…-18°, күндүз          -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -14…-19° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

КР ӨКМги тарабына адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 17-ноябрь күнү №02-34/744-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 20-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

      

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 08:10 08:20 08:34 08:43 09:09 Свердлов району, Бакай Ата конушу, Кыргыл-Чал көчөсү №33, турак үйдүн 35 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер жабылган от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                5-ӨКБ

1 б

1 10:26 10:36 11:22 11:48 12:10 Биринчи Май району, Эркиндик көчөсү №1, 15 чарчы метр болгон курулуш вагону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.  

 

1 ствБ

3.                4-ӨКБ

1 б

1 10:35 10:43 жеткенге чейин 11:18 Биринчи Май району, Кулиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде “Өзгөрүш” ашканасынын 1 чарчы метр жыгач дубалы жана 1 аба муздаткыч күйгөн.  Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.  

Чүй облусу

4.                7-ӨКБ

1 б

1 17:22 17:35 17:43 18:13 18:37 Аламүдүн району, Лебединовка айылы. Түндүк мечиттин жанында MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын 2 чарчы метр салону күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1 ствБ
5.                23-ӨКБ

1 б

1 21:14 21:19 21:33 22:05 22:31 Сокулук району, Шопоков айылы, Новооктябрьский көчөсү №18, короодо мончонун 20 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
6.                6-ӨКБ

1 б

4- ӨКБ

1 23:34

 

23:50

 23:46

 

00:10

00:50 01:03 01:26

 

01:30

Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, 1-Май көчөсү №19, жалпы аянты 100 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер жабылган убактылуу турак үйдүн, мончонун чатыры, бастырма жана 30 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда 1 ствА 2 ствБ

Ош облусу

7.                53-ӨКБ

1 б

1 11:02 11:20 жеткенге чейин 12:25 Өзгөн району, Мырза-Аки айыл аймагы, Мырза-Аки айылы, Жээнбеков көчөсү, Ак-Бүкүр бала бакчасынын от жагуучу бөлмөсүнүн 1 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
8.                102-ӨКБ

1 б

1 20:25 20:41 20:50 21:28 22:10 Кара-Суу району, Нариман айыл аймагы, ВЛКСМ айылы,  Батыров көчөсү №62, турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 12 чарчы метр шыбы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби:  мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин  бузулушу. 1 ствБ
9.                13-АӨКБ

1 б

1 23:16 23:36 23:42 00:29 01:01 Кара-Суу району, Мады айыл аймагы, Кыргыз-Чек айылы, Алимбек уулу Жаныбек көчөсү №17/1, 16 чарчы метр болгон от жагуучу жайы толугу менен күйгөн. Өрттү себеби: такталууда.  

1ствБ

Талас облусу

10.           93-ӨКБ

1 б

1 03:39 03:56 04:10 04:35 05:05 Бакай-Ата району, Үр-Марал айылы, Топой көчөсү №34, ачык аянтта жыйылган 4 куб.м. отун күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсяз мамиле кылуу. 1 ствБ

Ысык-Көл облусу

11.           15-ӨКБ

1 б

1 б

39-ӨКБ

1 б

1 01:35

01:40

01:53

01:40

01:50

02:15

03:15 Каракол шаары, Крапсов көчөсү №97, жыйылган чөп күйүп жатат.

 

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (Кочкор району Чу дарыясында издөө иши, Жалал-Абад шаарында турак үйдүн жер төлөөсүндө суу сордуруу, Кызыл-Кыя шаарында эшик ачуу).

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаарында 19-ноябрь күнү саат 11:39да Кулатов көчөсүндө жайгашкан №154 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө суу түтүкчөсү жарылып, жер төлөөнү суу каптаган.

Жерине  КР ӨКМнин №62 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары мотопомпанын жардамында сууну сордуруп, тазалап беришкен.

Нарын облусу

Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы туулган аттуу кичине бала чөгүп кеткен.

19-ноябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылды.

20-ноябрь күнү издөө иштери улантылат.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында 19-ноябрь күнү саат 21:00до КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары Токтогул көчөсүндө жайгашкан №11 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here