2020-жылдын 24-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Бүгүн күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3 сууктан …+2° жылуулука чейин, тоолуу райондордо -6…-11° суук болушу күтүлөт.
- Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 23 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган).
Катар № |
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт |
Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби
|
Берилген ствол
ГТКК
|
||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Бишкек шаары |
||||||||||
1. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 20:03 | 20:12 | 20:34 | 21:02 | 21:24 | Октябрь району, Көк-Жар конушу, Керемет көчөсү №24, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 9 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
2. | 2-ӨКБ
1 б 1-ӨКБ 1 б |
1 | 06:27
06:40 |
06:30
06:52 |
07:29 | 08:03 | —
07:50 |
Свердлов району, Дордой-1 конушу, Кожовенная көчөсү, жолдун жээгинде 150 чарчы метр самсы жасоочу жай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 2ствБ | |
Чүй облусу |
||||||||||
3. | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 09:41 | 09:57 | 10:08 | 12:05 | 12:30 | Москва району, Петров айылы, Шевченко көчөсү №59, турак үйдүн 16 чарчы метр моордун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
4. | 22-ӨКБ
1 б |
1 | 12:15 | 12:22 | 12:25 | 12:55 | 13:15 | Жайыл району, Кара-Балта шаары, Центральный көчөсү №138, турак үйдүн 4 чарчы метр моордун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | |
5. | 5-ӨКБ
1 б |
1 | 14:51 | 14:58 | 15:06 | 15:24 | 16:00 | Кемин району, Кемин шаары, Токтогул көчөсү №1, турак үйдүн 2 чарчы метр моордун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
6. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 16:47 | 17:02 | 17:17 | 17:27 | 17:57 | 101 | Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Калинин көчөсү №89, тигүүчү цехтин ичинде 5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ |
7. | 21-ӨКБ
1 б |
1 | 17:27 | 17:32 | — | 17:39 | 18:07 | Токмок шаары, Ынтымак көчөсү, турак үйдүн 1 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
8. | 6-ӨКБ
1 б |
1 | 21:34 | 21:56 | жеткенге чейин | 22:26 | Сокулук району, Ала-Тоо 3 конушу, Эркин-Тоо көчөсү №15, турак үйдүн меш күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. | — | ||
9. | 5-ӨКБ
1 б 7-ӨКБ 1 б |
1 | 22:57
23:39 |
бузулган
00:00 |
00:06 |
00:28 |
04:30
01:11 |
Аламүдүн району, Көк-Жар айылы, Ч. Айтматов көчөсү, ачык аянтта 32 чарчы метр вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
10. | 2-ӨКБ
1 б |
1 | 05:46 | 05:57 | 06:12 | 06:15 | башка чакыруу | Аламүдүн району, Төмөнкү Ала-Арча айылы, Панфилов көчөсү №207, короодо 50 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
Ысык-Көл облусу |
||||||||||
11. | 19-ӨКБ
1 б |
1 | 14:22 | 14:34 | 14:40 | 15:18 | 15:55 | Балыкчы шаары, Строитель көчөсү, ачык аянтта 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
12. | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 23:57 | 00:05 | 00:08 | 00:35 | 01:16 | Каракол шаары, Мурас көчөсү №35, турак үйдүн моордун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
Баткен облусу |
||||||||||
13. | 52-ӨКБ
1 б |
1 | 11:13 | 11:32 | 11:36 | 11:46 | 12:00 | Лейлек району, Сүлүктү шаары, Пушкин көчөсү №30/11, короодо 4 чарчы метр бастырманын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. | 1ствБ | |
Ош облусу |
||||||||||
14. | 25-ӨКБ
1 б |
1 | 12:02 | 12:06 | жеткенге чейин | 12:35 | Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Арашан кичи району №1, турак үйдөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. | — | ||
15. | 71-ӨКБ
1 б |
1 | 15:47 | 15:55 | 16:05 | 16:25 | 16:45 | Ноокат району, Ноокат шаары, Кара-Турпак тилкеси, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
16. | 102-ӨКБ
1 б |
1 | 02:01 | 02:14 | 02:20 | 06:10 | 06:17 | Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы, Маданият айылы, Шерматов көчөсү №24, эки кабаттуу сарайдын 30 чарчы метр ички жасалгасы жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. | 2ствБ | |
Жалал-Абад облусу |
||||||||||
17. | 20-ӨКБ
1 б 1 б 1 б |
1 | 07:40
07:54 07:54 |
07:54
08:04 08:04 |
07:57 | 09:48 | 10:02
09:25 09:49 |
Сузак району, Таш-Булак айылы, Дангиров көчөсү №18, жалпы аянтты 240 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 3ствБ | |
18. | 70-ӨКБ
1 б |
1 | 19:10 | 19:30 | 19:40 | 19:55 | 19:59 | Аксы району, Кашка-Суу айыл аймагы, Ак-Терек тилкеси, жолдун боюнда “Ауди” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
19. | 65-ӨКБ
1 б |
1 | 02:27 | 02:45 | 02:55 | 04:34 | 04:47 | Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Киров айылы, Рахманов көчөсү №77, жыгач устундуу тунуке жабылган 99 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1ствБ |
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (Жайыл району эшик ачуу, Кочкор району унаа кырсыгы).
Чүй облусу
Жайыл районунда 23-ноябрь күнү саат 16:45те КР ӨКМнин № 22 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан №47 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1953-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Нарын облусу
Кочкор районунда 23-ноябрь күнү саат 22:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) “Нексия” унаанын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен, натыйжада 1 аял киши (2001-жылы туулган) каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган (1993-жылы туулган, 1997-жылы туулган, 1999-жылы туулган).
Жерине КР ӨКМнин № 42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.