Нарын облусунун Кочкор районунда 23-ноябрь күнү саат 22:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) “Нексия” унаанын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен, натыйжада 1 аял киши (2001-жылы туулган) каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган (1993-жылы туулган, 1997-жылы туулган, 1999-жылы туулган).
Жерине КР ӨКМнин № 42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.