0
70 просмотров

2020-жылдын 25-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн райондорунун Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү тарабынан аймактагы жарандарга өрт коопсуздугунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу тууралуу сабактар, практика жүзүндө өткөрүлүп, эскертүү нускамалар таркалылды.

Тактап айтканда, Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук көчөлөрүндө жана борбордук базарда Алай райондук жолду көзөмөлдөө кызматты менен биргеликте өрт өчүрүүчү автоунаа менен атайын рейд жүргүзүлдү. Ошондой эле Алай райондук Жолду көзөмөлдөө, Экотехинспеция жана Жолду тейлөө кызматтарынын кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагындагы АЗС май куюучу жайларынын кызматкерлерине өрткө каршы алдын алуу боюнча текшерүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Өрткө каршы иш-аракеттер министрдин тапшырмасынын негизинде өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here