2020-жылдын 25-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
128 просмотров

      2020-жылдын 25-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 4, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    3-ӨКБ

1 б

Штаб

4-ӨКБ

1 б

7-ӨКБ

1 б

8-ӨКБ

1 б

1 11:15

 

11:15

11:26

 

11:26

 

11:26

11:23

 

11:27

жеткенге чейин 12:32

 

11:49

11:38

 

11:29

 

11:29

Свердлов району, Шабдан Баатыр проспектиси №108, Бишкек шаарынын №1-ЖЭБнин аймагындагы ТП-№210Т көмөк чордону күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  

2.    3-ӨКБ

1 б.

5-ӨКБ

1 б.

 

1 16:26

 

16:26

16:39

 

16:33

17:07 18:00 18:32

 

18:15

Биринчи Май району, Юг-2 кичи району,  көп кабаттуу №15а үйдүн батиринин  балконунда 15 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эреженин бузулушу.  1ствБ
3.    3-ӨКБ

1 б.

 

 

1 23:22 23:30 23:40 00:09 00:34 Свердлов району,  Менделеев көчөсү №142а, турак үйдүн 2 чарчы метр морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес тузүлүшү. 1ствБ
4.    3-ӨКБ

1 б.

 

 

1 01:56 01:59 02:07 02:40 02:53 Свердлов району, Чүй проспектиси жана Т.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде “Достор” тез татымынын ашканасынын 5 чарчы метр ички жасалгасы жана пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.    2-ӨКБ

1 б.

 

 

1 06:12 06:24 07:00 07:59 Свердлов району, Красный Строитель шаарчасы, Наманган көчөсү №35, аянты 24 чарчы метр курулуш чарба толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.    4-ӨКБ

1 б.

 

1 06:57 07:01 07:10 07:54 08:15 Ленин району, Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес-Спринтер” унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү, салону, 2 дөңгөлөгү жана  ичиндеги товарлар күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

Чүй облусу

7.    7-ӨКБ

1 б.

1 19:27 19:46 20:07 20:48 21:22 Аламүдүн району, Биримдик-Кут конушу, жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 115 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.    7-ӨКБ

1 б.

1 06:28 06:30 06:44 07:20 07:30 Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Г.Ильин көчөсү, павильондун 30 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.    2-ӨКБ

1 б.

05:34 05:54 07:25 Панфилов району, Чалдовар айылы, Калинин көчөсү №52, турак үйдүн 160 чарчы метр аянты күйгөн. Өрт өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

10.                       36-ӨКБ

1 б.

1 16:13 16:26 16:31 19:43 20:33 Жети-Өгүз району, Саруу айылы, Чыныбаев көчөсү №32, турак үйдүн короосунда жыйылган 700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

1ствБ

11.                       31-ӨКБ

1 б.

1 18:19 18:42 19:15 19:45 20:00 Ысык-Көл району, Бостери айылы, Подгорный тилкесинде жайгашкан вагондун 24 чарчы метр ички жыгач жасалгасы  күйгөн.  Өрттүн себеби:  такталууда. 1ствБ
12.                       15-ӨКБ

1 б.

1 23:06 23:11 23:25 00:26 01:02 Каракол шаары, Тоголок Молдо көчөсү №21, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры жана 25 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.                       15-ӨКБ

1 б.

1 б.

39-ӨКБ

1 б.

 

2 02:11

 

02:20

 

02:32

02:18

 

02:30

 

03:00

03:19 05:30 06:05

 

06:05

 

06:20

Каракол шаары, Токтогул көчөсү №67, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 180 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 

 

Жалал-Абад облусу

14.                       55-ӨКБ

1 б.

1 07:01 07:20 07:23 07:50 08:50 Ноокен району, Ноокен айыл аймагы, Рахманжан айылы, Орозматов көчөсү №53, турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

15.                       31-ӨКБ

1 б.

1 17:51 17:59 18:59 18:09 18:31 Баткен району, Ак-Сай айыл аймагы, Көк-Таш айылы, Көчө-Башы көчөсү, азык-түлүк дүкөнүнүн аянты 16 чарчы метр болгон 2-кабаты толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: мештин туура эмес орнотулушу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон (Ленин району эшик ачуу, Токмок шаары эшик ачуу, Кара-Көл шаары унаа кырсыгы, Баткен шаары издөө иштери, Аламүдүн району суу каптоо коркунучу).

Бишкек шаары

Ленин районунда 24-ноябрь күнү саат 20:05те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан №53 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаарында 24-ноябрь күнү саат 09:48де Бишкек-Ош унаа жолунун 415-чакырымында (Аюу-Булак тилкеси) “Мерседес-Бенц” жана “DAF” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1951-жылы туулган) жабыркаган.

КР ӨКМнин № 94 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаарында  24-ноябрь күнү саат 13:44тө КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Дубовский көчөсүндө жайгашкан №122 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Аламүдүн районунда 24-ноябрь күнү саат 17:05те Арашан айыл аймагынын Достук дачасында арыктарга муз тоңуп, турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Жерине Таш-Мойнок айыл аймагынан 1 эксковатор жана  КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун толук жоюшкан.

Баткен облусу

Баткен шаарында 23-ноябрь күнү Кызыл-Жол кварталынын тургуну 1975-жылы туулган аял киши үйүнөн чыгып кетип, кайра кайрылып келген эмес.

Баткен ШИИБнын кызматкерлери аталган жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү максатында жардам сурап кайрылышкан.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында КР ӨКМнен 16 куткаруучу, ИИМнен 15 кызматкер, жергиликтүү бийликтен 30 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылды. Натыйжа болгон жок.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here