2020-жылдын 26-ноябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
132 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 28-ноябрында жана 29-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -6…-11°, күндүз -3…+2°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -8…-13° суук, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -13…-18°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

КР ӨКМнин адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 25-ноябрь күнү №02-34/764-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

      

2020-жылдын 26-ноябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн эртең менен жана күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 3, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.    6-ӨКБ 1б 1  13:53 14:03 14:40 15:11 15:30 Ленин району, Ак-Ордо-1 конушу,  Таштар-Ата көчөсү №1/113, жалпы аянтты 30 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.           1ствБ
2.    4-ӨКБ

1 б

1 б

 

1  14:58

15:18

15:16

 

15:27

15:48

 

 

18:11   19:07

 

18:12

Ленин району, Товарный көчөсү №539А,  жалпы аянты 210 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.    6-ӨКБ

1 21:09 21:15 21:25 21:45 22:03 Ленин району, Мурманск көчөсү №112, турак үйдүн бөлмөсүндө сыналгы, шкаф, стол жана 1 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.    7-ӨКБ

1 00:59 01:05 01:28 01:49 02:47 Биринчи Май району, Араван көчөсү №40,  жыгач устундуу шифер жабылган мончонун 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

5.    29-ӨКБ

1 б

1  13:21 13:28 жеткенге чейин 14:09 Айни көчөсү №110, турак үйдүн ичинде 1 чарчы метр үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.      —

 

6.    12-ӨКБ 1б 1  14:12

 

14:20 14:27 14:42 14:54 Загородный көчөсү №17, турак үйдүн чатырында жыйылган 10 чарчы метр отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.        1ствБ
7.    12-ӨКБ

1   22:19 22:28 22:36 22:45 22:06 Мамытов көчөсү №62, короодо “Опел Астра” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

8.    22-ӨКБ

1 б

1 16:34 16:37 16:46 17:05 17:08 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Некрасов көчөсү №39, турак үйдүн морунун 1 чарчы метр айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.      1ствБ
9.    21-ӨКБ

1 б

1 00:08 00:19 00:28 00:59 01:20 Токмок шаары, Луговой көчөсү №5, кампанын 3 чарчы метр дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. а

Ысык-Көл облусу

10.                       19-ӨКБ

1 б

 

1 08:06 08:14 08:20 09:16 09:48 Балыкчы шаары, Б. Мамбетов көчөсү №42, турак үйдүн  9 чарчы метр от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

11.                       42-ӨКБ

1 17:43 17:50 18:00 18:45 19:07 Кочкор району, Кара-Суу айылы, Ж.Эдигеев көчөсү, короодо жыйылган 2 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
12.                       43-ӨКБ

1 б

1 21:22 21:43 22:15 02:20 02:55 Жумгал району, Байзак айылы, Бокчубаев көчөсү №159, короодо жыйылган 700 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.                       16-ӨКБ

1 б

1 23:14 23:25 23:30 23:48 23:55 Нарын шаары, Шералиев көчөсү №73, “Супер хошан” тез тамактануу жайынын 15 чарчы метр шыбы, газ плита жана электрондук тараза күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

14.                       62-ӨКБ 1ствБ 1 20:09 20:12 20:17 20:32 20:40 Кызыл-Кыя шаары, Чехов көчөсү, таштанды таштоочу жайда 2 м3 таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

15.                       20-ӨКБ

1 б

1 22:22 22:26 жеткенге

чейин

23:00 Жалал-Абад шаары, Ленинград көчөсү №22, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 4 чарчы метр чатыры жана эски буюмдар күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.

Ош облусу

16.                       71-ӨКБ

1 б

1 04:10 04:13 04:30 04:50 05:10 Ноокат району, Ноокат шаары, Нурмухамед көчөсү, турак үйдүн 2 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду (Ош шаары 2 эшик ачуу, Сузак району унаа кырсыгы, Баткен шаары издөө иштери):

Ош шаары

25-ноябрь күнү саат 18:55те КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары У.Салиева көчөсүндө жайгашкан №33 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

25-ноябрь күнү саат 19:49да КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Алай көчөсүндө жайгашкан №51 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Баткен шаарында 23-ноябрь күнү Кызыл-Жол кварталынын тургуну 1975-жылы туулган аял киши үйүнөн чыгып кетип, кайра кайрылып келген эмес.

Баткен ШИИБнын кызматкерлери аталган жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү максатында жардам сурап кайрылышкан.

25-ноябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында КР ӨКМнен 15 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 170 адам жана туугандарынан 40 адам тартылды.

 26-ноябрь күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here