Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында жер титирөө катталып, социалдык объектерлерде дубалдары жаракалар пайда болду

0
222 просмотров

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 26-декабрь күнү саат 16:28де Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн кесепетинен Кадамжай районунун Совет айылында Кан орто мектебинин дубалынан жаракалар пайда болгон. Мындан сырткары. Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Кыштут айылында орто мектептин жана Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын имаратынын дубалынан жарака пайда болгон. Ошондой эле Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылда 5 турак үй, Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында 1 турак үй жана К.Тагаев орто мектебинин дубалынан жарака пайда болгон.

Айыл аймактын ЖК комиссия жогорудагы социалдык объектилерди текшергенде, имараттардын абалы канаттандырарлык абалда болгону аныкталган. 28-декабрь күнү турак үйлөр текшерилет.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here