2020-жылдын 28-декабры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
263 просмотров

2020-жылдын 28-декабрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2020-жылдын 27-декабрь күнү саат 16:55те Матросов №1А дарегинде жайгашкан матрас чыгаруучу цехтен өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метр.

Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, №7 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм, ошондой эле Штаб, ККББдан КБП унаасы менен ыкчам топ, РЭТ кызматынан 1 бригада, ИИМден 1 экипаж жана тез жардам кызматы тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 17:31де чектөөгө алынып, саат 18:43тө толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Баткен облусу

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 26-декабрь күнү саат 16:28де Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн кесепетинен Кадамжай районунун Совет айылында Кан орто мектебинин дубалынан жаракалар пайда болгон. Мындан сырткары. Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Кыштут айылында орто мектептин жана Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын имаратынын дубалынан жарака пайда болгон. Ошондой эле Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылда 5 турак үй, Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында 1 турак үй жана К.Тагаев орто мектебинин дубалынан жарака пайда болгон.

Айыл аймактын ЖК комиссия жогорудагы социалдык объектилерди текшергенде, имараттардын абалы канаттандырарлык абалда болгону аныкталган. 28-декабрь күнү турак үйлөр текшерилет.  

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4

5

6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                5-ӨКБ

1 б

7-ӨКБ

1 б

8-ӨКБ

1 б

3-ӨКБ

1 б

штаб

1

 

16:54

 

16:58

 

17:01

 

17:05

 

17:08

16:59

 

17:11

 

17:15

 

17:29

 

17:15

17:31 18:43 17:31

 

18:52

 

17:50

 

17:29

 

18:24

Октябрь району,  Матросов көчөсү №1а, аянты 320 чарчы метр болгон “матрас, паралон” чыгаруучу  цех толугу менен, матрас жасачуу аппараттары, параллон, матрас күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА

2ствБ

2.                6-ӨКБ

1 б

1 22:46 22:56 22:08 23:33 23:50 Ленин көчөсү,  Черноморский көчөсү №43, мончонун 15 чарчы метр жыгач шыбы жана мордун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                5-ӨКБ

1 б

1 04:56 05:15 05:37 06:38 07:26 04:56 Октябрь району, №2 ТББнын (темир бетон буюмдары) чыгыш тарабында жайгашкан №21-ГКК (гараж куруу кооперативи),  жыгач устундуу калай жабылган 70 чарчы метр эки кабаттуу имараттын чатыры, экинчи кабатында кароолчунун бөлмөсүнүн гипсокартон шыбы, дубалдары, эмеректер күйгөн. Өрт болгон жерде эки эркек адамдардын жансыз денеси табылган, аты-жөнү такталууда. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4.                2-ӨКБ

1 б

1 12:48 13:05 13:35 14:00 14:35 Панфилов району, Биринчи Май айылы, Центральный көчөсү №1, аянты 105 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

5.                4-ӨКБ

1 б

1 13:22 13:26 13:38 14:16 14:41 Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманова көчөсү №58а, жалпы аянты 119 чарчы метр болгон унаа жуучу жай куйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

6.                17-ӨКБ

1 б

1 14:52 15:15 жеткенге чейин 15:47 Бакай-Ата району, Кең-Арал айылы, “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү жеңил унаанын салону  күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда.

Ысык-Көл облусу

7.                34-ӨКБ

1 б

1 15:51 16:25 16:29 18:57 Туп району, Тасма айылы, Акматов көчөсү №32, короодо 500 түк жыйлган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

8.                81-ӨКБ

1 б

1 16:58 17:05 17:08 18:28 18:40 Чаткал району, Каныш-Кыя айыл аймагы, Жер-Капчыгай айылы, сарайдын ичинде жыйлган 200 килограмм  көң толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Ош шаарында 1 эшик ачуу, Нарын облусунда издөө иштери):

Бишкек шаары

Ленин районунда 27-декабрь күнү саат 19:43тө КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Каховская көчөсүндө жайгашкан №37 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

27-декабрь күнү саат 15:40та КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан №55 үйүнүн батиринде жабылып калган эшигин ачыш беришкен.

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 27-декабрь күнү 14:07де Жеңиш айылында эркек киши (1993-жылы туулган) Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 19:30та издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.

28-декабрь күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here