2020-жылдын 29-декабры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
295 просмотров

2020-жылдын 29-декабрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

Баткен облусу

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 26-декабрь күнү саат 16:28де Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн кесепетинен Кадамжай районунун Совет айылында №21-Кан орто мектебинин, Кыргыз-Кыштак а/а Кайтпас айылындагы №23 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жана Керемет Банк Кадамжай филиалынын дубалдарынан жаракалар пайда болгон.

Мындан сырткары, Баткен районунун Кыштут а/а Кыштут айылында орто мектептин жана Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын имаратынын дубалынан жарака пайда болгон.

 Ошондой эле Суу-Башы а/а Бөжөй айылда 5 турак үй, Самаркандек а/а Самаркандек айылында 1 турак үй жана К.Тагаев атындагы орто мектебинин дубалынан жарака пайда болгон.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан боюнча тактоо иштерин жүргүзүшүп, 2020-жылдын 28-декабрындагы актысын түзүшкөн. Жабыр тарткан объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бийликке сунуш берилген.

Ал эми Баткен району боюнча кошумча тактоо иштери 29-декабрь күнү жүргүзүлөт. 

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 07:56 08:02 08:14 08:25 09:23   Свердлов району, Шопоков көчөсү №123, “Ас-Казан” кафеси, ашканада  вытяжканын ичи жана кондиционер күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                8-ӨКБ

1 б

1 14:57 15:07 15:14 15:47 16:13   Биринчи Май району, Куренкеев көчөсү №343, жыгач устундуу шифер менен жабылган 6 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
3.                3-ӨКБ

1 б

1 17:20 17:30 17:48 18:40 18:57   Свердлов району, Шопоков жана Жибек-Жолу көчөлүрүнүн кесилишинде №1 мончону 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                3-ӨКБ

1 б

1 00:57 01:03 01:30 01:50 02:34   Свердлов району, Шопоков жана Жибек-Жолу көчөлөрдүн кесилишинде №1 мончонун чатыры кайрадан түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош шаары

5.                12-ӨКБ

1 б

1 б

18:01

 

18:01

18:10

 

18:10

18:40

 

18:28

  Мамыров көчөсүндө жайгашкан “МПА” май күйүчү жайдан (АЗС) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок, май күйүчү жайдын кызматкерлери машыгуу өткөрүп жатканын аныкталган.
6.                12-ӨКБ

1 б

1 03:37 03:42 03:45 04:11 04:29   Анар кичи району, №13 үйдүн жанында, “Мерседес C-класс” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: тактлууда. 1ствБ

Чүй облусу

7.                21-ӨКБ

1 б

1 01:02 01:07 01:40 02:13 02:20   Токмок шаары, Пушкин көчөсү №182, батирдин 20 чарчы метр ичик жасалгасы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8.                36-ӨКБ

1 б

1 11:39 11:45 11:50 11:53 12:25   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Комсомол көчөсү, жолдун четинде “Volkswagen-Passat” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
9.              3 31-ӨКБ

1 б

1 16:56 17:02 17:15 17:50 18:05   Ысык-Көл району, Бактуу-Долоноту айылы, Бокомбаев көчөсү №1, короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ
10.           15-ӨКБ

1 б

1 б

39-ӨКБ

1 б

1 04:34

 

04:55

 

04:55

04:41

 

05:00

 

05:10

05:29 06:15 өрткө кетти

07:02

 

07:20

  Каракол шаары, Торгоев көчөсү №177, жыгач устунду шифер менен жасалган 36 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана 42 чарчы метр сарайдын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 3ствБ
11.           15-ӨКБ

1 б

1 06:37 06:51 07:01 08:07 08:27   Каракол шаары, Алыбаков көчөсү №28, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  

Жалал-Абад облусу

12.           78-ӨКБ

1 б

1 17:13 17:22 17:27 18:44 19:01   Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы, Мураталиев көчөсү №95, короодо 80 боо жүгөрү күйгөн.  Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 2ствБ
13.         6 65-ӨКБ

1 б

1 20:19 20:21 20:25 20:56 21:04   Сузак району, Сузак айылы, Каримбердиев көчөсү №14, турак үйдүн 12 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон (Ысык-Көл облусу, Кракол шаарында 1 эшик ачуу, Нарын облусунда 1 издөө иштери, Баткен облусунда 1 шахтыдан газ чыккан).

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 28-декабрь күнү саат 08:30да КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары ЖЧК “Нур” шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотушуп беришкен.

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 27-декабрь күнү Жеңиш айылында эркек киши (1993-жылы туулган) Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.

28-декабрь күнү издөө иштерин улантуу максатында  КР ӨКМнин №47 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган.

29-декабрь күнү издөө иштери улантылат.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 28-декабрь күнү саат 23:09да КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Геология кичи районунда жайгашкан №91 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here