Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жаңы жылдык куттуктоосу

0
160 просмотров
Урматтуу кыргызстандыктар!
Аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2021-жылдын босогосун аттаганы турабыз.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмүн атыман Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Жалпы кыргыз эли үчүн 2020-жыл оор жылдардан болду. Дүйнө өлкөлөрү коронавирус илдетине кабылып, азыркыга чейин анын кесепети менен күрөшүп келе жатабыз.
Журт башына түшкөн оор күндөрдө министрликтин кызматкерлери кыйынчылыктарды чогуу жеңип, салматтык сактоо, тартип сакчылары, ыктыярчылар менен бирге аракет кылдык. Сиздердин ар бириңиздерге ыраазылык билдиремин.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Келе жаткан Жаңы жыл жалпыбыз үчүн жакшылык тартуулаган жылдардан болушуна тилектешмин. Элибиз аман, журтубуз эсен, коомубузда ынтымак, жергебизде тынчтык болсун.
Алдыга койгон аруу ой-тилектериңиздер кабыл болуп, ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Кампабыз данга, дасторконубуз нанга толсун. Ырыскыбыз мол болсун.
2021-жыл баарыбыз үчүн ак жолтой жыл болсун.
Жаңы жылыңыздар кут болсун!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here