2021-жылдын 5-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
55 просмотров

2021-жылдын 5-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

Кара-Буура районунда 2021-жылдын 4-январь күнү саат 14:53тө Кызыл-Адыр айылынын Ч. Айтматов көчөсүндө Борбордук базардын жанында “Шаурма Сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк жаракат алышкан (4 эркек, 5 аял)

Павильондо Шаурма сити, Эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метр.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 2 бөлүм, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби газ болонду колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Учурда келтирилген материалдык чыгымы такталууда.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 6, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                     4-ӨКБ

1 б

1 08:56 09:03 09:14 09:26 09:47   Биринчи Май району, Жибек-Жолу проспекти менен Ю. Фучик көчөсүнүн кесилишинде “Мерседес-Бенц С-180” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын багаж бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                     2-ӨКБ

1 б

1 15:04 15:13 жеткенге чейин 15:40   Свердлов району, Келечек конушу, Келечек-3 көчөсү №20, турак үйдүн камыш ылай шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
3.                  7-ӨКБ

1 б

1 21:34 21:38 21:53 22:01 22:42   Октябрь району, Октябрь көчөсү №165, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 4 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Ош шаары

4.                  12-ӨКБ

1 б

1 б

1 18:41

 

18:52

18:51

 

19:02

19:04 20:03 20:21

 

19:31

  Ак-Тилек кичи району, 12-көчөсү №6, жалпы аянты 54 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

5.                  23-ӨКБ

1 б

1 07:32 07:47 08:02 08:40 09:20   Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Пушкин көчөсү №42, турак үйдүн 13 чарчы метр жыгач полу жана жумшак керебет күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                  27-ӨКБ

1 б

1 08:20 08:32 08:47 09:03 09:30   Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү №400а, турак үйдүн короосунда жыйылган 500 даана пластик черепица күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7.                  27-ӨКБ

1 б

1 18:24 18:35 19:02 20:03 20:50   Ысык-Ата району, Киргшелк айылы, Мичурин көчөсү №100, жалпы аянты 45 чарчы метр болгон иштебеген нан бышыруучу жай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                  27-ӨКБ

1 б

1 19:46 19:55 жеткенге чейин 20:36   Ысык-Ата району. Киргшелк айылы, Верхний көчөсү №32. Турак үйдүн морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
9.                  27-ӨКБ

1 б

1 21:07 21:30 21:32 21:48 22:15   Ысык-Ата району, Милянфан айылы, Речное көчөсү №33, турак үйдүн 3 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. кол каражат
10.              22-ӨКБ

1 б

АКА

1 23:48

 

00:30

 

 

01:40

 

 

01:53

 

 

02:30

03:30

 

03:30

  Жайыл району, Бишкек-Ош унаа жолунун 123-чакырымында “VOLVO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол

каражат

Ош облусу

11.              64-ӨКБ

1 б

1 13:51 14:13 14:17 14:25 15:13   Араван району, Арап айылы, Артыков көчөсү №54, турак үйдүн бөлмөсүнүн 16 чарчы метр жыгач шыбы жана уктоочу керебет күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
12.              66-ӨКБ

1 б

1 16:16 16:48 17:39 18:44 19:37   Кара-Кулжа району, Сай айылы, Кошунбаев көчөсү №32, турак үйдүн короосунда жыйылган 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
13.              88-ӨКБ

1 б

1 04:58 05:43 05:45 06:30 07:17   Чоң Алай району, Жаш-Тилек айылында жайгашкан турак үйдүн 32 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

14.              83-ӨКБ

1 б

1 09:55 10:10 10:13 11:05 11:20   Майлуу-Суу шаары, Л. Толстой көчөсү №22, турак үйдүн бөлмөсүнүн 8 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
15.              59-ӨКБ

1 б

1 15:48 жеткенге чейин 16:24   Сузак району, Карамарт айылы, Саякбай көчөсү, турак үйдүн 12 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
16.              65-ӨКБ

1 б

1 18:37 18:44 18:50 19:11

 

19:25   Сузак району, Сузак айылы, Балкин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу жана терезеси күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

17.              91-ӨКБ

1 б

1 б

1 14:54

 

14:55

14:57

 

14:57

15:28 16:52 17:05

 

16:52

  Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Ч. Айтматов көчөсү, борбордук базардын жанында жайгашкан “Шаурма сити” тез тамактануучу жайы, эт, уюлдук телефон сатуучу павильон жана чач тарач күйгөн. Өрттүн кесепетинен 11 жаран күйүк жана жаракат алышкан. Өрттүн себеби: газ болонду колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 2ствБ

Нарын облусу

18.              16-ӨКБ

1 б

1 01:58 02:05 02:20 02:30 02:40   Нарын шаары, Чаначев көчөсү №23, турак үйдүн 1 чарчы метр морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон ( Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Жалал-Абад облусунда 1 эшик ачуу, Нарын облусунда 2 издөө иши, 1 суу каптоо, 2 муз катмарын тазалоо):

Бишкек шаары

Свердлов районунда 4-январь күнү саат 11:14тө КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Н.Гоголь жайгашкан №16 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Ак-Талаа районунда 2020-жылдын 27-декабрь күнү Жеңиш айылында эркек киши (1993-жылы туулган) Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.

4-январь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен 23 куткаруучу тартылды.

 5-январь күнү издөө иштери улантылат.

Ат-Башы районунда 4-январь күнү саат 10:20да Кара-Суу айылынын Арка тилкесинде ички чарбалык арыкта суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болгон. Турак үйлөргө коркунуч жок.

КР ӨКМнин №45 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барып, муз катмарларын жарышып,  сууну өз нугуна бурушкан.

Нарын шаарында 4-январь күнү саат 10:10до Сулайманов көчөсүндө арыктарга муз тоңуп, турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Жерине  КР ӨКМнин №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун толук жоюшкан.

Нарын районунда 4-январь күнү саат 16:30да 8-март айылында ички чарбалык арыкта суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болгон. Турак үйлөргө коркунуч жок. Жерине муз катмарларын жарып тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн,  КР ӨКМнин куткаруучу тартылган.

5-январь күнү тазалоо иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here