Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

0
133 просмотров

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан аймактагы 228 шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары шайлоо тилкелеринде иш алып барган комиссия мүчөлөрүнө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча нускамалар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө шайлоо участкаларында алгачкы өрткө каршы шаймандары, кошумча чыгуу эшиктери, байланыш телефондору жана кирип чыгуу багыты көрсөтүлгөн схемалары боюнча түшүндүрүлдү.
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 9-10- январь күндөрү ар бир бекитилген шайлоо участкаларында күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө турушат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here