Нарын облусундагы шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

0
135 просмотров

КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өздүк курамы тарабынан облуста жайгашкан 171 шайлоо участогунун 992 шайлоо мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлери менен бирге өрттү алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү максатында 171 шайлоо участогунун айрым участокторунда кемчиликтер аныкталып жеринде жоюлду.
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын №1084 “2020-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнүн өткөрүү убагында жарандардын коопсуздугун камсыздоону уюштуруу жөнүндө” буйругун аткаруу максатында КРнын ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан штабдар түзүлгөн.
ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине техникалык коопсуздук жана этика боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүлдү. Шайлоо участокторунун ыкчам карточкалары толук корректировкалоодон өткөрүлдү.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here