2021-жылдын 11-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
119 просмотров

2021-жылдын 11-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2021-жылдын 11-январь күнү саат 01:38де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган айылында 4 балл,  Тосой, Ак-Терек, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 11, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2,  Ош облусунда 1, Талас облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7

8

9 10 11

Бишкек шаары

1.                28-ӨКБ

1 б

1 14:18 14:20 14:39 14:59 15:13 Ленин району, Орто-Сай айылы, Западный көчөсү №3, мончонун от жагуучу бөлмөсүнүн 6 чарчы метр  жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                5-ӨКБ

1 б

1 19:41 19:51 20:09 20:14 21:11 Октябрь району, 8-кичи району, №11 үй, көп кабаттуу үйдүн 90 батиринде 8 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси иске ууланып, тез жардам кызматына кайрылган. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                6-ӨКБ

1 б

1 19:45 19:48 19:54 19:58 20:00 Ленин району, Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан Дордой-Моторс базарынын кире беришинде таштанды таштоочу контейнерде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                3-ӨКБ

1 б

1 23:58 00:12 жеткенге чейин

 

01:11 Биринчи Май району, К.Баялинов көчөсү №187, “Ыйман” мечитинин аймагында жайгашкан жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 5 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ош шаары

5.                85-ӨКБ

1 б

1 01:25 01:34 01:45 02:05 02:40 Озгур айылы, Коңур-Жаз көчөсү №1, мечиттин от жагуучу бөлмөсүнүн 6 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.                21-ӨКБ

1 б

1 07:31 07:42 07:47 08:17 08:26 Чүй району, Чүй айылы, Мельничный көчөсү №1, жыгач устундуу шифер жабылган 3 чарчы метр турак үйдүн чатыры, электр карагайы жана 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                23-ӨКБ

1 б

1 09:41 09:52 10:03 10:15 10:24 Сокулук району, Шопоков шаары, Новостройка кичи району, №16 үй, көп кабаттуу үйдүн 32-батиринде килем, төшөктөр жана жылыткыч күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
8.                23-ӨКБ

1 б

1 10:40

 

жеткенге чейин

 

10:59 Сокулук району, Кызыл-Туу айылынын четинде сарай күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
9.                24-ӨКБ

1 б

1 13:33 13:58 14:40 15:10 15:38 Чүй району, Кара-Дөбө айылы, Сыдыков көчөсү №34, турак үйдүн короосунда жыйылган 150 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.           21-ӨКБ

1 б

1 13:54 14:09 14:16 14:23 14:38 Токмок шаары, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 60 чакырымында 200 чарчы метр куураган чөп жана 8 даана бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.           21-ӨКБ

1 б

1 14:23 14:32 14:47 15:12 15:27 Чүй району, Чүй айылы, Ново-Покровка көчөсү №48, кампада жыйылган 2 м3 көмүр жана отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.           3-ӨКБ

1 б

1 18:46 18:54 жеткенге чейин 19:40 Аламүдүн району, ГЭС-2 айылы, М. Горький көчөсү №86, мончонун 3 чарчы метр морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.
13.           28-ӨКБ

1 б

1 19:42 19:56 жеткенге чейин башка

өрткө

кетти

Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылында жайгашкан турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
14.           27-ӨКБ

1 б

1 19:49 19:58 20:11 21:35 22:05 Ысык-Ата району, Люксембург айылы, Строительный көчөсү №9/1, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
15.           28-ӨКБ

1 б

1 20:16 20:30 20:43 21:52 22:28 Сокулук району, Сарбан айылы, асыл тукум чарбасынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 25 чарчы метр болгон вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. арчы
16.           2-ӨКБ

1 б

1 02:36 02:55 03:06 03:46 04:25 Панфилов району, Чалдовар айылы, Гараж көчөсү №1, иштебеген нан бышыруучу жайдын 8 чарчы метр жыгач шыбы жана полу күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. 1ствБ

Ош облусу

17.           68-ӨКБ

1 б

1 б

1 05:50

 

06:41

06:01

 

06:56

06:05

 

Алай району, Биринчи Май айылы, ачык аянтта жыйылган 10 тонна эндей  чөп күйүп жатат. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

18.           97-ӨКБ

1 б

1 б

1 13:33

 

14:48

14:02

 

15:05

14:12 17:16 14:57

 

17:45

Токтогул району, Торкент айылы, Дүйшөбай көчөсү №65, турак үйдүн короосунда жыйылган 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
19.           81-ӨКБ

1 б

1 14:18 14:33 14:35 15:40 16:07 Чаткал району, Айгыр-Жал айылы, Бейшенбаев көчөсү №16, турак үйдүн короосунда жыйылган 1 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

20.           15-ӨКБ

1 б

1 15:16 15:25 15:30 15:42 16:57 Каракол шаары, Жусаев көчөсү, Макиш базарында жайгашкан жалпы аянты 20 чарчы метр болгон “Кыргыз Бургер” тез тамактануучу жайы күйгөн. Өрт болгон жерде газ баллон жарылган. Өрттүн кесепетинен 1 аял киши (2000-жылы туулган) каза болуп, 6 жаран күйүк жана жаракат алышкан (3 эркек, 3 аял) Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

21.           100-ӨКБ

1 б

1 18:45 19:10 19:20 21:30 22:14 Манас району, Көк-Дөбө айылы, Жарганчиев көчөсү №50, ачык аянтта жыйылган 120 түк чөп жана 900 кг фасольдун сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
22.           17-ӨКБ

1 б

1 21:53 21:56 22:02 22:12 22:30 Талас шаары, Жолой уулу Тургунаалы көчөсү №97, отун канада жыйылган 100 кг тезек күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Баткен облусу 1 эшик ачуу,  Ысык-Көл облусунда 1 сууга чөккөн адамды издөө иштери):

Бишкек шаары

Октябрь районунда 10-январь күнү саат  17:14тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан №2 үйүнүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Кадамжай районунда 10-январь күнү саат  16:10до КР ӨКМнин №3 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Кадамжай шаарынын Киров көчөсүндө жайгашкан №2 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында 10-январь күнү 1983-жылы туулган эркек киши  көлгө балык улоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү КР ӨКМнен 7 куткаруучу тартылды. 11-январь күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here