2021-жылдын 12-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
175 просмотров

2021-жылдын 12-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 5, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2,  Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9

10

11

Бишкек шаары

1.                4-ӨКБ

1 б

1 15:35 15:51 16:20 16:55 17:32 101 Биринчи Май району, Токтогул көчөсү №133, 18 даана аккумулятордук батареялар күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

1 топ ГТКК

Чүй облусу

2.                27-ӨКБ

1 б

1 07:19 07:21 07:26 07:46 08:00   Ысык-Ата району, Кант шаары, Сакебаев көчөсү №19, короодо “BMW Х-5” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                21-ӨКБ

1 б

1 08:43

 

08:52 жеткенге чейин 09:40   Чүй району, Чүй айылы, Линейный көчөсү №64, турак үйдүн короосунда 1 м3 отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
4.                27-ӨКБ

1 б

1 13:17 13:23 13:33 13:57 14:27   Ысык-Ата району, Кант шаары, Жениш көчөсү №31, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 64 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                23-ӨКБ

1 б

1 б

АКУ

1 21:50

 

22:00

21:55

21:54

 

22:04

22:00

22:20 23:20 23:50

 

22:40

22:40

  Сокулук району, Шопоков шаары, Жаңы Конуш тилкеси 14-үй, батирдин 10 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 4 адам (2 эркек 1976-жылы туулган, 1930-жылы туулган, 2 кыз 2008-жылы туулган, 2005-жылы туулган) түтүнгө ууланып, райондук ооруканага жеткирилген жана 8 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
6.                21-ӨКБ

1 б

1 04:52 05:02 05:12 05:24 05:45   Чүй району, Чүй айылы, Колхоз көчөсү №23, турак үйдүн 5 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарыны кыска туташуусу. 1ствБ

Талас облусу

7.                91-ӨКБ

1 б

1 09:49 10:03 10:14 10:25 11:13   Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, жолдун жээгинде “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
8.                101-ӨКБ

1 б

1 16:13 16:20 16:50 19:30 19:50   Талас району, Кара-Суу айылы, Тунук Булак көчөсү №15, короодо жыйылган 350 түк чөп жана 3 тонна буурчак сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 2ствБ

Нарын облусу

9.                42-ӨКБ

1 б

1 14:57 15:35 15:57 18:50 19:30   Кочкор району, Чолпон айыл аймагы, Эт-Союз тилкеси, короодо жыйылган 1200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

10.           57-ӨКБ

1 б

1 11:33 11:37 11:40 11:48 13:02   Таш-Көмүр шаары, Куруучулар кичи району, ачык аянтта 9 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствА
11.           65-ӨКБ

1 б

1 14:53 15:05 15:09 16:08 16:30   Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Ырыс айылы, Токтогул көчөсү №32, жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 100 чарчы метр чатыры, 200 түк саман жана 150 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ

Ош облусу

12.           88-ӨКБ

1 б

1 05:02 05:56 05:58 06:22 08:16   Чоң Алай району, Кашка-Суу айыл аймагы, Кашка-Суу айылы, турак үйдүн 25 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 шакек чыгаруу, Ош шаарында 1 жол кырсыгы, Ысык-Көл облусунда 1 сууга чөккөн адамды издөө, 1 эшик ачуу, Нарын облусунда 1 суу каптоо).

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 11-январь күнү саат 21:30да Горький көчөсүндө жайгашкан КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматына 1984-жылы туулган аял колунан шакегин чыгарып берүүсүн суранган.

Куткаруучулар шакекти чыгарып беришкен.

Ош шаары

11-январь күнү саат 12:18де Б.Осмонов көчөсүндө “Хюндай Портер” жана “Дэу Тико” унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган (1 эркек: 1960-жылы туулган, 2 аял: 1984-жылы туулган, 1984-жылы туулган).

КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз районунда 10-январь күнү Жеңиш айылында 1983-жылы туулган эркек киши  көлгө балык улоого чыгып, чөгүп кеткен.

11-январь күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, саат 09:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Каракол шаарында 11-январь күнү саат 17:58де КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Москва көчөсүндө жайгашкан №129 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. 

Нарын облусу

Нарын шаарында 11-январь күнү саат 17:32де РТС тилкесинде Сулайманов көчөсүндө булактын суусу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп көчөнү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Нарын шаардык №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, муз катмарларын жарып суунун нугун буруп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here