ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамына кышкы окуу сабактары уюштурулууда

0
487 просмотров

2021-жылдын 13-январында КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүндө кышкы окуу жылынын башталышы менен атайын даярдоо иштери пландалып, тактикалык-саптык кароолор жүргүзүлүүдө.

Бул окуу ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматчыларына жана жарандык персоналдарына тарбия иштерин, командирдик, күжүрмөн жана атайын даярдыгынын абалын жогорулатууга багытталган командирдик, тарбиялык жана машыгуу сабактарын жогорку деңгээлде сапаттуу өткөрүү максатында болууда.

Аталган окуу башкармалыктын, райондук жана шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамдарынын катышуусунда өткөрүлүүдө.

“2021-жылдын кышкы окуу жылына командирдик, күжүрмөн жана атайын даярдык сабактарын уюштуруу жөнүндө” буйруктун негизинде иш алып барылууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here