2020-жыл ичинде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 381 986 000 сомдук материалдык-баалуулуктар сакталып калды

0
195 просмотров

2020-жыл ичинде өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрү тарабынан 26 адам куткарылып, 326 адамга телефон аркылуу кеңеш (консультация) берилген, 31 адамга (1 адамга биринчи медициналык жардам, 30 эшик ачуу) жардам көрсөтүлгөн. Ар кандай ӨК 389 жолу (27 жол кырсыгына, 5 өтө кооптуу инфекцияларга, 357 штаттан тышкары) чыгуулар катталган.

Облус аймагында 410 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 185 550 849 сомду түздү. Өрттөн 7 автоунаа, 372 тонна тоют жабыркап, 4 жаран жарат алышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 2 адам куткарылып жана 381 986 000 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

2019-жылга салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 15,8 %га, келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 15,1%га азайган.

Тактап айтканда, 2019-жылдын ичинде 487 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 218 674 104 сомду түзгөн.

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2020-жыл ичинде облус аймагындагы чарбалык объектилеринде жана турак-жай секторунда өрт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу, өчүрүү жана куткаруу иштери боюнча бир топ иш алып барылды.
Чарбалык объектилердин өрт коопсуздук абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу максатында жергиликтүү бийлик органдарына жана мекемелерге 435 маалымат берилип, 66 чечим кабыл алынган.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here