2021-жылдын 13-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
257 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 13-январынан 16-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын 12-январында №02-34/12-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 13-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө -3…+2°, Талас облусунун өрөөнүндө 1…6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 4…9°, Ысык-Көл ойдуңунда  жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо -11…-16° суук болушу күтүлөт.

                                    Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-январь күнү саат 01:07де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2,  Ош облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7

8

9 10 11

Бишкек шаары

1.                3-ӨКБ

1 б

1 09:13 09:19 09:35 10:11 10:30   Свердлов району, Осмонкул көчөсү №360, жыгач устундуу шифер жабылган 20 чарчы метр сарайдын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                6-ӨКБ

1 б

1 13:32 13:42 14:03 15:12 15:33   Ленин району, Ала-Тоо-1 конушу, Беш-Тектир-2 көчөсү №35, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
3.                6-ӨКБ

1 б

1 02:16 02:22 02:28 03:10 03:30   Ленин району, Ала-Тоо-1 конушу, Макмал көчөсү №61, жыгач устундуу тунуке жабылган аянты 50 чарчы метр ”Данияр” чач тарачынын чатыры, шыбы, кондиционер, жылыткыч жана жумшак эмерек күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

4.                28-ӨКБ

1 б

8-ӨКБ

1 б

1 13:48

 

14:11

14:04

 

14:48

14:52 15:55 16:16

 

16:43

  Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, Горький көчөсү №21, жыгач устундуу шифер жабылган 240 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                27-ӨКБ

1 б

1 15:10 15:15 15:18 15:34 15:42   Ысык-Ата району, Кант шаары, Суворов көчөсү №18, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 9 чарчы метр күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  1ствБ
6.                3-ӨКБ

1 б

1 05:02 05:10 05:14 05:16 05:55   Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Заводская көчөсү №53, “ВАЗ-2109” үлгүсүндөгү унаасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ств Б

Ысык-Көл облусу

7.                19-ӨКБ

1 б

1 15:25 15:30 15:35 15:44 16:12   Балыкчы шаары, Мамбеталиев көчөсү №35, короодо 2 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                34-ӨКБ

1 б

1 06:06 06:16 06:20 07:16 07:25   Түп району, Түп айылы, Мох көчөсү №11, турак үйдүн 2 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  1ствБ

Ош облусу

9.                53-ӨКБ

1 б

1 13:37 14:35 14:47 16:40 18:20   Өзгөн району, Чангет айыл аймагы, Өстүрүү айылы, Чангет көчөсү №11, жалпы аянтты 48 чарчы метр сарай толугу менен жана 1500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыздык мамиле кылуу. 1ствБ
10.           53-ӨКБ

1 б

1 б

103-ӨКБ

1 б

1 18:09

 

18:20

18:42

18:20

 

18:25

19:10

19:02 21:42 21:52

 

21:52

20:21

  Өзгөн шаары, Манас көчөсү, Өзгөн аймактык оорукананын аймагында жайгашкан жеке-менчик клиниканын жыгач устундууу шифер жабылган 150 чарчы метр чатыры жана 151 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн кесепетинен (1946-жылы туулган) эркек киши II даражадагы күйүк алган, абалы канаттандыраарлык. Ошондой эле  клиниканын имаратынан 13 адам  эвакуацияланган. Өрттүн себеби: такталууда. 4ствБ

Жалал-Абад облусу

11.           55-ӨКБ

1 б

1 16:16 16:19 16:42 17:30 18:15   Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Кызыл-Октябрь көчөсү №24, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 119 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  2ствБ
12.           55-ӨКБ

1 б

1 20:48 20:57 22:05 22:37 23:18   Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Матказиев көчөсү, жыгач устундуу тунуке жабылган сарайдын 100 чарчы метр чатыры жана 350 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Баткен облусу

13.           76-ӨКБ

1 б

1 12:00 12:32 12:42 12:57 14:56   Кадамжай району, Хальмион айыл аймагы, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 145 чакырымында “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.           26-ӨКБ

1 б

1 14:55 15:00 15:08 16:00 16:20   Баткен шаары, Сыдыков көчөсү №18, короодо 16 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон ( Ош шаарында 1 эшик ачуу, Нарын облусунда 1 суу каптоо, Жалал-Абад облусунда муз катмарын тазалоо).

Ош шаары

2021-жылдын 12-январь күнү саат 22:17де  КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары МЖК-2 кичи районунда жайгашкан №7 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунда 12-январь күнү саат 09:15те Жаңы-Базар айылынын Жерге-Тал тилкесинде ички чарбалык арыкта суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болгон.

Жерине муз катмарларын жарып тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу, токой-чарбасынан 10 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 6 кызматкер, №27 ЖТИден 4 кызматкер, айыл аймактан 13 кызматкер, жалпы 53 адам тартылып, муз катмарларын жарып суунун нугун буруп беришкен.

Нарын облусу

Нарын шаарынын РТС тилкесинде Мазар-Булак көчөсүндө булактын суусу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп көчөнү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине  КР ӨКМнин №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, муз катмарларын жарып суунун нугун буруп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here