Чоң-Алай районунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

0
157 просмотров

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-январь күнү саат 01:07де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here