2021-жылдын 14-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
176 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 14-январынан 16-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 12-январында №02-34/12-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 14-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу районунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө -2…+3°, Талас облусунун өрөөнүндө 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 5…10°, Ысык-Көл ойдуңунда -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо -6…-11° суук болушу күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2,  Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                6-ӨКБ

 

1 14:13 14:20 14:22 14:44 15:06   Ленинский район, Лев Толстой көчөсү №134, кароосуз калган дүкөндүн ичинде 6 чарчы метр ташданды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.                5-ӨКБ

1 23:43 23:56 00:04 00:31    Октябрь району, Ж.Пудовкина көчөсү 85/6, “Нефро ценр” клиникасынын электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. кол каражат
3.                6-ӨКБ

1 03:25 03:36 03:45 04:17 04:46   Ленин району, Фрунзе көчөсү № 85-үй, турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат

Чүй облусу

4.                4-ӨКБ

1 10:37 10:54 11:03 11:05 11:45   Ыссык-Ата району, Станция Ивановка айылы, Новая көчөсү № 2- үй, турак үйдүн  9 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.                4-ӨКБ

27-ӨКБ

1 22:15

 

22:25

22:20

 

22:48

22:59 23:29 00:00

 

23:41

  Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Токмокская көчөсү №310, турак үйдүн 120 чарчы метр 3 бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 

6.                8-АӨКБ

1 06:25 06:45 07:07 07:30     Сокулук району, Акжол айылы, Абая көчөсү № 7, көп кабаттуу үйдүн киреберишинде эски буюмдар күйгөн. 1ствБ

 

1зв ГДЗС

7.                21-ӨКБ

 

 

1 05:27

 

 

05:55

 

06:41

05:50

 

 

06:13

 

06:59

07:13  

 

 

08:00

 

  Токмок шаары, Токмок көчөсү № 7А, турак үйдүн бөлмөсү толугу менен күйүп жатат. Өрттүн себеби: такталууда.  

Жалал-Абад облусу

8.                70-ӨКБ

1 12:03 12:10 12:13 12:20 13:03   Аксы району, Кербен шаары, Жардуу-Колот тилкеси, турак үйдүн 1 чарчы метр морунун тегереги  күйгөн. Өрттүн себеби: мештерди курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушунан. 1ствБ
9.                83-ӨКБ

1 14:37 14:42 14:50 15:30 15:50   Майлы-Суу шаары, Комунистическая көчөсү № 1\2, жалпы аянты 25 чарчы метр мончонун чатыры жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

10.           25-ӨКБ

1отд

1 15:51 16:25 16:30 18:30 19:22   Кара-Суу району, Сары-Колот айыл аймагы, Шералы айылы, жыгач устунду шифер жабылган сарайдын 45 чарчы метр чатыры толугу менен жана 180 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
11.           25-ӨКБ

1 22:03 22:15 жеткенге чейин 22:54   Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Акимов көчөсү №29-үй, турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн себеби: такталууда.

Баткен облусу

12.           26-ӨКБ

1 21:14 21:31 21:39 21:53 22:43   Баткен району, Дала айыл аймагы, Чек айылы, Амиржан-Ажы көчөсү №55 үй, турак үйдүн 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылуутучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон ( Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Нарын облусунда 1 суу каптоо, Ысык-Көл облусунда 1 муз катмарын тазалоо, Баткен облусунда 1 газ чыккан жерге тосмо орнотуу).

Бишкек шаары

Свердлов районунда 13-январь күнү саат 18:43тө КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Городок строителей кичи районунда жайгашкан №11 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 13-январь күнү саат 11:07де Пушкин көчөсүндө жайгашкан №44 үйдүн жанында арыкта суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болгон. Турак үйлөргө коркунуч жок. Жерине  КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, муз катмарларын жарып суунун нугун буруп беришкен.

Нарын облусу

Нарын шаарында 13-январь күнү саат 09:35те РТС тилкесинде Мазар-Булак көчөсүндө булактын суусу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп көчөнү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине  КР ӨКМнин №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, муз катмарларын жарып суунун нугун буруп беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 13-январь күнү саат 10:05те ЖЧК “Кызыл-Булак” шахтасында газ чыккан. Жерине  КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, газ чыккан жерге тосмо орнотуп терс окуясыз кайтып келишкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here