16-22-январларда республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

0
85 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 15-январынан 16-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

16-20 -январларда Чүй, Талас облустарында

күтүлгөн аба-ырайы

16-17-январларда жана жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 16-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18-январда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда күндүз жана 20-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,  дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

16-январда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык

абанын булгануусунун болжолу

Аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,1-10,0 эсеге жогору) болушу күтүлөт. 

16-20 -январларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

16-20-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-17-январларда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, 18-20-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

16-20 -январларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

күтүлгөн аба-ырайы

16-18-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 16-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

16-20-январларда Ысык-Көл облусунда

күтүлгөн аба-ырайы

16-18-январларда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

 Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-20 -январларда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында

күтүлгөн аба-ырайы

16-20-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-20 -январларда Нарын облусунда

күтүлгөн аба-ырайы

16-17-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 16-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18-январда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

21-22-январларда Кыргыз Республикасынын аймагында

 күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

21-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-январда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын  кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

22-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

КР ӨКМ Басма сөз ызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here