2021-жылдын 15-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
134 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 15-январынан 16-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 12-январында №02-34/12-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 15-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.  Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ош облусу

 Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 13-январь күнү саат 23:00 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 50-чакырымынан 90-чакырымына чейин катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Унаа жолу убактылуу жабылган. Кардын калындыгы 70 см түзгөн.

Тазалоо иштерине №26 жол тейлөө иштерине 3 жүктөгүч,  2 бульдозер жана 1 грейдер тартылган.

14-январь күнү саат 15:40та унаа жол бир тараптуу ачылган.

15-январь күнү кенейтүү иштери улантылат.

Ысык-Көл облусу

Түп районунун Сан-Таш айыл аймагында 2021-жылдын 14-январь күнү Түп-Кеген унаа жолунун 45-чакырымынан 76-чакырымына чейинки аралыгында кар күрткүсү пайда болуп, унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан. Кардын калындыгы 60 см түзгөн.

Тазалоо иштерине №4 жол тейлөө иштерине 1 бульдозер, 1 грейдер жана 4 кызматкер тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында саат 16:00дө унаа жол толугу менен тазаланды.

Ак-Суу районунда 2021-жылдын 14-январь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында жааган кардын жана шамалдын кесепетинен Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан 112-чакырымына чейинки аралыгында кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылган. Кардын калындыгы 70 сантиметрден 1 метрге чейин жеткен. Аталган унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында КР ИИМдин ЖКККББы тарабынан пост коюлган.

Тазалоо иштерине №3 ЖТИден 2 бульдозер, 1 грейдер тартылды.

Учурда тартылган техникалардын жардамында унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1,  Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                7-ӨКБ

1 б

1 10:48 11:00 жеткенге чейин 11:43   Октябрь району, Ч. Валиханов көчөсү №8, от жагуучу бөлмөдө электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
2.                8-АӨКБ

1 б

1 17:18 17:27 17:34 17:54 18:39   Биринчи Май району, Исанов көчөсү №157, короодо 10 чарчы метр отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.                28-ӨКБ

1 б

1 20:29 20:40 20:47 20:55 21:30   Октябрь району, Ала-Арча-3 шаарчасы, Байтик Баатыр көчөсү №58к, от жагуучу бөлмөдө электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол каражат

Ош шаары

4.                12-ӨКБ

1 б

1 11:32 11:37 11:55 12:17 12:55   Щорс көчөсү №5, аянты 25 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Натыйжада өрт Саидов көчөсүндө жайгашкан 32-үйгө өтүп, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

5.                27-ӨКБ

1 б

1 б

1 13:07

 

13:13

13:09

 

13:48

14:02 19:42 20:15

кийинки өрткө кеткен

  Ысык-Ата району, Кант шаары, Семзавод көчөсү №1а, жыгач устундуу темир жабылган темир чыгаруучу цехтин 600 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
6.                27-ӨКБ

1 б

1 13:50 14:08 14:15 16:10 17:00   Ысык-Ата району, Биринчи Май айылы, Пионер көчөсү №18/3, жыгач устундуу черепица жабылган турак үйдүн 85 чарчы метр чатыры жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.                15-ӨКБ

1 б

1 14:16 14:34 14:39 14:44 15:20   Москва району, Петровка айылы, Фрунзе көчөсү №25, турак үйдүн жанында дарак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                21-ӨКБ

1 б

1 00:35 00:42 00:51 01:46 01:55   Токмок шаары, Ибраимов көчөсү №70, турак үйдүн 2 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

9.                15-ӨКБ

1 б

1 13:22 13:27 13:28 13:40 14:30   Каракол шаары, Коенкөзов көчөсү №47, “Жетиген” мейманканасынын чатырында электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. кол каражат

Нарын облусу

10.           42-ӨКБ

1 б

1 03:25 04:55 05:20   Кочкор району, Комсомол айылы, Тынайбек көчөсү №15, короодо жыйылган 700 түк чөп күйүп жатат. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.  

Ош облусу

11.           12-ӨКБ

1 б

1 07:26 07:43 07:48 07:55 08:33   Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылы, Камилов көчөсү №1, турак үйдүн ичинде жылыткыч, 10 даана төшөк жана килем күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.           25-ӨКБ

1 б

1 02:16 02:27 02:32 02:51 03:25   Кара-Суу району, Савай айыл аймагы, Октябрь айылы, турак үйдүн 3 чарчы метр аянты жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
13.           53-ӨКБ

1 б

1 05:36 05:46 жеткенге чейин 06:46   Өзгөн району, Төрт-Күл айыл аймагы, Макаренко айылы, Мамасадыков көчөсү №44, турак үйдүн ичинде мор күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусу

14.           70-ӨКБ

1 б

1 11:35 12:02 12:10 13:14 14:25   Аксы району, Авлетим айыл аймагы, Мукур айылы, Курманалиев көчөсү №16, аянты 80 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
15.           20-ӨКБ

1 б

1 12:53 13:06 жеткенге чейин 13:36   Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү“Рахман-Ата” базарынын аймагында жайгашкан дүкөндүн 2 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.
16.           94-ӨКБ

1 б

1 15:04 15:10 15:15 15:50 16:05   Кара-Көл шаары, Кулданбаев көчөсү №3, 26-батирдин 18 чарчы метр шыбы күйгон. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
17.           65-ӨКБ

1 б

1 17:13 17:23 жеткенге чейин 17:52   Сузак району, Сузак айыл аймагы, Беш-Капа айылы, “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон ( Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, Ош шаарында 1 эшик ачуу, Чүй облусунда 2 эшик ачуу, 1 жол кырысыгы, Ысык-Көл облусунда 1 муз катмарын тазалоо, Баткен облусунда 1 газ чыккан жерге тосмо орнотуу).

Бишкек шаары

Биринчи Май районунда 14-январь күнү саат 06:21де КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ташкент көчөсүндө жайгашкан №8 турак үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

14-январь күнү саат 15:47де КР ӨКМнин Ош  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучуларга И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан №46А көп кабаттуу турак үйдүн лифтинде 1979-жылы туулган эркек киши бекилип калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жашоочулар тарабынан чыгарылган.

Чүй облусу

Кемин районунда 14-январь күнү саат 11:20да КР ӨКМнин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кемин шаарынын Исраилов көчөсүндө жайгашкан №26 турак үйүнүн жабылып калган эшигин ачышканда, бөлмөнүн ичинен 1933-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Токмок шаарында 14-январь күнү саат 13:29 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 73-чакырымында “Mercedes Benz E220” жана “Mercedes Benz S600” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1981-жылы туулган) жана 1 аял киши (1986-жылы туулган) каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган (1983-жылы туулган) абалы жакшы.

Жерине  КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жайыл районунда 14-январь күнү саат 19:35те КР ӨКМнин №22 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып Кара-Балта шаарынын Западный кварталында жайгашкан №7 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 14-январь күнү саат 10:40та А.Пушкин көчөсүндө жайгашкан №44 үйдүн жанында арыкта суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болгон.

Турак үйлөргө коркунуч жок.

Жерине  КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, муз катмарларын жарып суунун нугун буруп беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 14-январь күнү саат 10:05те ЖЧК “Ибрагимов” шахтасында газ чыккан.

Жерине КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, газ чыккан жерге тосмо орнотуп терс окуясыз кайтып келишкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here