Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 13-январь күнү саат 23:00 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 50-90 чакырымына чейин кар күрткүсү пайда болуп, тазалоо иштеринин натыйжасында 14-январь күнү саат 15:40та унаа жол бир тараптуу ачылган.
Бүгүн, 2021-жылдын 15-январь күнү жеринде жолду тазалап кеңейтүү иштерин жүргүзүү үчүн №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 2 бульдозер тартылып, жумуш толук аяктаган.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы