Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сан-Таш айыл аймагында 2021-жылдын 14-январь күнү Түп-Кеген унаа жолунун 45-чакырымынан 76-чакырымына чейинки аралыгында кар күрткүсү пайда болуп, унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан.
Кардын калындыгы 60 см түзгөн.
Тазалоо иштерине №4 жол тейлөө иштерине 1 бульдозер, 1 грейдер жана 4 кызматкер тартылган.
Тартылган техникалардын жардамында саат 16:00дө унаа жол толугу менен тазаланды.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы