Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2021-жылдын 14-январь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында жааган кардын жана шамалдын кесепетинен Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан 112-чакырымына чейинки аралыгында кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылган. Кардын калындыгы 70 сантиметрден 1 метрге чейин жеткен. Аталган унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында КР ИИМдин ЖКККББы тарабынан пост коюлган.
Тазалоо иштерине №3 ЖТИден 2 бульдозер, 1 грейдер тартылды.
Учурда тартылган техникалардын жардамында унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.