Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

0
63 просмотров

2020-жылдын 15-январь күнү саат 06:42де Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 балл, Кара-Чолок, Саты, Михайловка айылдарында, Көк-Жаңгак шаарында 2 балл, Ош облусунун Өзгөн районунун Тосой, Ор-Казган, Чангет, Ничке-Сай, Кайрат, Зергер айылдарында 2,5 балл, Саламалик, Жыланды, Маяк айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here