2020-жылда Жалал-Абад облусунда өрттүн саны азайды

0
72 просмотров

2020-жылдын ичинде Жалал-Абад облусунда 410  өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 487), 2019-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 15,8% азайган.

 Өрттүн кесепетинен 4 жаран, анын ичинде 1 жаш бала жарат алган, ал эми, 2019-жылы 7 адам, анын ичинде 1 жаш бала каза болуп, 6 адам, анын ичинде 4 жаш бала жабыр тарткан.  Өрттөн 2 адам куткарылган.  Өрттөрдүн кесепетинен 185 млн. 550 мин 849 сомдук материалдык зыян келтирилген.  Негизинен өрт кырсыктары (284 өрт, 69,3 %) турак-жай секторунда катталган.

Катталган өрт кырсыктары Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

— Жалал-Абад шаарында -41;

— Кара-Көл шаарында- 13;

— Майлуу-Суу шаарында- 8;

— Таш-Көмүр шаарында -21;

— Аксы районунда- 33;

— Ала-Бука районунда- 24;

— Базар-Коргон районунда- 40;

— Ноокен районунда -60;

— Сузак районунда -111;

— Тогуз-Торо районунда -14;

— Токтогул районунда -37;

— Чаткал районунда- 8.

Өрттөрдүн негизги себептери:

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 140 (34,1%);

— мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 35 (8,5%);

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 45 (11%);

— балдардын от менен ойноосунан – 68 (16,6%) өрт кырсыгы болду.

Урматтуу жарандар! Өрттүн келип чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

Жогорудагы эрежелерди сактоо менен сиз турак-жайыңызды, мүлкүңүздү жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап каласыз.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here