Өрт кырсыгынын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

0
160 просмотров

Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 2020-жылдын
17-январь күнү Сузак районунунун аймагындагы турак жай ээлерине өрт коопсуздук иш чаралары жөнүндө жана көмүр газына уулануунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан Сузак районунун Сузак , Ырыс, С. Атабеков, Таш-Булак, Кызыл-Сеңир, Ленин айыл аймактарында жана Көк-Жаңгак шаарында жашаган турак жай ээлерине кышкы от жагуу коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жана көмүр газына ууланууну алдын алуу максатында 45 жолу 85 атуулдун катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сузак райондук ӨКБнүн бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет!

Турак жайлардагы өрт кырсыктарынын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Эң оболу, мештерди курууну ушул иш боюнча лицензиясы бар, атайын адистерге тапшыруу талап кылынат. Иш бүткөн соң бул курулмаларды сыноодон өткөрүү зарыл. Меш жана түтүн чыгуучу морулар сыноодон толук өткөн соң гана аларды пайдаланууга болот. Мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелери так сакталууга тийиш. Мешке от жагууну жана күл чыгарууну жаш балдарга ишенип тапшырууга болбойт. От күйүп турган мештерди кароосуз калтырбаңыздар. Күл төгүү үчүн коопсуз жерге чуңкур казып коюу керек. Моруларды мезгил мезгили менен ыштан тазалап туруу да талапка ылайык. Үйдүн чатырындагы моору өткөн жердин айланасы күйүүчү заттардан таза болуусу зарыл. Үйдүн чатырына чөп, саман, пакал, ж.б.у.с. тез күйүп кетүүчү заттарды сактоо өрт коопсуздугу тарабынан өтө опурталдуу экендигин эстете кетмекчибиз.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here