2021-жылдын 19-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
120 просмотров

2021-жылдын 19-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 

Ош облусу

Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 13-январь күнү саат 23:00 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 60-чакырымынан 86-чакырымына чейин катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Унаа жолу убактылуу жабылган. Кардын калындыгы 70см түзгөн.

Тазалоо иштерине  №26 ЖТИден 1 жүктөгүч,  2 бульдозер тартылган.

14-январь күнү жол бир тараптуу ачылган.

19-январь күнү тазалоо иштери улантылат.

Аталган унаа жол Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2020-жылдын 14-декабырындагы №44 буйругунун негизинде кечки саат 18:00дөн эрте мененки саат 08:00 чейин убактылуу жабылып, КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан унаа жолдун 22 жана 106-чакырымдарында пост уюштурулган. 

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунда 2021-жылдын 14-январь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында жааган кардын жана шамалдын кесепетинен Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан 112-чакырымына чейинки аралыгында кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылган. Кардын калындыгы 70 сантиметрден 1 метрге чейин жеткен. Аталган унаа жолдун 38 жана 112 чакырымдарында КР ИИМдин ЖКККББы тарабынан пост коюлган.

Тазалоо иштерине №3 ЖТИден 2 бульдозер, 1 грейдер тартылган.

18-январь күнү жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2,  Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                4-ӨКБ

1 б

8-ӨКБ

1 б

1 05:19

 

05:30

05:25

 

05:38

 

 

05:45

 

 

07:35

06:56

 

08:19

Биринчи Май району, Васильевский тракт №1, “Ак-Жол” автобазанын аймагында жайгашкан  жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана “VOLVO” үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1 эркек киши каза болгон. (аты-жөнү такталууда). Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.     3ствБ

Ош шаары

2.                29-ӨКБ

1 б

85-ӨКБ

1 б

1 00:06

 

00:11

00:08

 

00:25

00:37 01:50 02:00

 

01:30

Амир-Темур кичи району, Айни көчөсү №18,  турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Чүй облусу

3.                2-ӨКБ

1 б

1 03:45 03:52 04:15 04:55 05:25 Панфилов району, Каптал-Арык айылы, Центральный көчөсү №91,   турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 6 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы  күйгөн. Өрттүн кесепетинен (1973-жылы туулган) эркек киши каза болгон. Жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

4.                31-ӨКБ

1 б

1 09:40 09:43 09:46 10:23 11:20 Каракол шаары, Искаков көчөсү №93, турак үйдүн 2 чарчы метр мордун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ
5.                33-ӨКБ

1 б

1 20:05 20:10 20:37 21:20 21:25 Ысык-Көл району. Ананьево айылы, Береговая көчөсү №33, турак үйдүн 1 чарчы метр полу күйгөн. Өрттүн себеби:  мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу. 1ствБ

Нарын облусу

6.                43-ӨКБ

1 б

1 15:14 16:24 16:41 17:30 19:03 Жумгал району, Жумгал айылы, Жетигенов көчөсү №31, короодо 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Талас облусу

7.                91-ӨКБ

1 б

1 б

1 22:46

 

22:48

22:59

 

23:01

23:53 02:15 02:42 Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, борбордук мечиттин аймагында жайгашкан медресенин 360 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                91-ӨКБ

1 б

 

1 00:17 00:58 01:07 01:37 02:24 Кара-Буура району, Аманбаев айылы, Кажибаев көчөсү №20, турак үйдүн 8 чарчы метр моордун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

9.                57-ӨКБ

1 б

1 14:55 14:58 15:07 15:50 15:59 Кара-Суу району, Сарай айыл аймагы, Тельман айылы, “УАЗ” үлгүсүндөгү тез жардам унаасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 3 эшик ачуу, Ош шаарында 1 эшик ачуу, Баткен облусунда шахтада газ чыккан жерге тосмо коюу, Ысык-Көл облусунда тос каптоо).

Бишкек шаары

Октябрь районунда 18-январь күнү саат 11:33тө КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан №11 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи Май районунда 18-январь күнү саат 21:47де КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Юг-2-кичи районунда жайгашкан №8 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи Май районунда   19-январь күнү саат 02:08де КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Манас көчөсүндө жайгашкан №41 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ош шаары

18-январь күнү саат 18:56да КР ӨКМнин Ош  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Салиева көчөсүндө жайгашкан №44Б үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачыш беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында 18-январь күнү саат 11:31де ЖЧК “Ибрагимов” шахтасында газ чыккан. Жерине  КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, газ чыккан жерге тосмо орнотуп терс окуясыз кайтып келишкен.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл районунда 18-январь күнү саат 11:00до Григорьевка айылынын Бевзов көчөсүндө арыкта суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп, №29 турак үйдүн короосун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат тушкөн.

Жерине музду жарып тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн, КР ӨКМнен жалпы 10 куткаруучу тартылып, суунун нугун буруп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

 

 

   

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here