Б. АЖИКЕЕВ: “ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ФИЗИКАЛЫК ДАЯРДЫГЫ ТЫКЫР ТЕКШЕРИЛЕТ”

0
693 просмотров

Бүгүн 2021-жылдын 19-январында КРдин Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө, 2021-окуу жылына карата ӨКМдин аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жана тажрыйбалуулугун артыруу максатында болуп өткөн машыгуунун натыйжасында аскер кызматкерлеринине канаатандыраарлык баа берилди.
Кеңешмеде өрт өчүрүүчү унааларды оңдоп-түзөп, аяр менен мамиле жасоо айтылды. “Мындан ары, пландаштырылган убакытта өрт өчүрүүчүлөргө теория жана практикалык аттестациядан өтүү милдеттендирилип, кызматкерлердин билими, жаш курагы жана физикалык даярдыгы тыкыр текшерилип турат.”–деди Б.Ажикеев.
Ошондой эле жыйында 2021-жылы КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы жана Өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгын белгилөө боюнча тапшырмалар берилди.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here