Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды

0
154 просмотров

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 19-январь күнү саат 08:38де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байганчек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here