2021-жылдын 20-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
168 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 20-январынан 24-январына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, 22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 22-24-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 23-24-январларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Баши районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 20-январынан 21-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226-чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын 19-январь күнү №02-34/26-Т, №02-34/27-Т телефонограммалары  чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 20-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусу

Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 13-январь күнү саат 23:00 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 60-чакырымынан 86-чакырымына чейин катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Унаа жолу бир тараптуу ачык. Кардын калындыгы 70см түзгөн.

Тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч,  2 бульдозер тартылган.

Аталган унаа жол 14-январь күнү бир тараптуу ачылган.

20-январь күнү иш-чаралар улантылат.

Аталган унаа жол Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2020-жылдын 14-декабырындагы №44 буйругунун негизинде кечки саат 18:00дөн эрте мененки саат 08:00 чейин убактылуу жабылып, КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан унаа жолдун 22 жана 106-чакырымдарында пост уюштурулган.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-январь күнү саат 08:38де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байганчек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган (Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10

11

Чүй облусу

1.                  5-ӨКБ

1 б

1 21:01 21:29 22:05 22:24 22:47 Кемин району, Алмалуу айылы, Кулбай көчөсү №28б,  бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                  22-ӨКБ

1 б

1 02:57 03:05 03:15 03:40 03:50 Жайыл району, Кара-Балта шаары, Чапаев көчөсү №37, турак үйдүн 6 чарчы метр морунун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ош облусу

3.                  64-ӨКБ

1 б

1 01:34 01:59 02:05 02:44 03:15 Араван району, Төлөйкөн айылы, Алик-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1  эркек киши (1983-жылы туулган) түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Жалал-Абад облусу

4.                  73-ӨКБ

1 б

1 16:49 16:52 17:01 18:02 18:17 Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, Кулбаев көчөсү №3,  эки кабаттуу сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 2ствБ

Ысык-Көл облусу

5.                  39-ӨКБ

1 б

1 06:33 06:36 06:49 07:32 07:46 Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Биринчи Май көчөсү №17, жалпы аянты 16 чарчы метр болгон отун кана күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (Ош шаарында 1 итти каналдан чыгарышкан, Нарын облусунда 1 суу (тос) каптоо):

Ош шаары

19-январь күнү саат 13:14тө КР ӨКМнин Ош  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндө жайгашкан №65 үйүнүн жанындагы каналдан итти чыгарып беришкен.

Нарын облусу

Нарын шаарында 19-январь күнү саат 14:07де РТС тилкесинде Мазар-Булак көчөсүндө булактын суусу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп көчөнү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин №16 өрткө каршы кутаруу бөлүгүнүн куткаруучу тартылып, муз катмарларын жарып суунун нугун буруп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here