Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун тазалоо иштери уланууда

0
66 просмотров

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2021-жылдын 13-январь күнү саат 23:00 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 60-чакырымынан 86-чакырымына чейин катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Унаа жолу бир тараптуу ачык. Кардын калындыгы 70см түзгөн.

Тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч,  2 бульдозер тартылган.

Аталган унаа жол 14-январь күнү бир тараптуу ачылган.

20-январь күнү иш-чаралар улантылат.

Аталган унаа жол Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2020-жылдын 14-декабырындагы №44 буйругунун негизинде кечки саат 18:00дөн эрте мененки саат 08:00 чейин убактылуу жабылып, КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан унаа жолдун 22 жана 106-чакырымдарында пост уюштурулган.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here