2021-жылдын 21-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
113 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 21-январынан 24-январына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, 22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 22-24-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 23-24-январларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Баши районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 21-январында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226-чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 19-январь күнү №02-34/26-Т, №02-34/27-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 21-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунда 2021-жылдын 20-январь күнү cаат 10:00 чамасында Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында (Капчыгай тилкеси) 1050м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылды.

Тартылган техникалардын жардамында саат 13:30да унаа жол толук тазаланып ачылган.

Сейсмологиялык абал боюнча

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 20-январь күнү саат саат 22:01де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 6, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.                2-ӨКБ

1 б

1 20:09 20:15 20:24 20:29 20:49   Свердлов району, Элебесов жана Питомник көчөлөрүнүн кесилишинде 3 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                5-ӨКБ

1 б

1 23:56 00:05 жеткенге чейин 00:46 102 Свердлов району, Абдрахманов көчөсү 125-үй, батирдин газ плитада кароосуз тамак-аш калган.

Чүй облусу

3.                8-АӨКБ

1 б

1 10:33 10:50 10:58 11:20 12:20   Аламүдүн району, Маевка айылы, Ала-Арча көчөсү №220, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. Арчы метр
4.                22-ӨКБ

1 б

1 11:00 11:26 11:42 11:45 12:35   Жайыл району, Кайырма айылы, Жетиген көчөсүндө жайгашкан электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
5.                23-ӨКБ

1 б

1 17:25 17:40 жеткенге чейин 18:02   Сокулук району, Сокулук айылы, Белинский көчөсүндө жайгашкан көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Ысык-Көл облусу

6.                15-ӨКБ

1 б

1 20:16 20:21 жеткенге чейин 20:49   Каракол шаары, Пржевальск жана Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа токтотуу жайында таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Жалал-Абад облусу

7.                55-ӨКБ

1 б

1 07:44 07:50 07:53 08:03 08:14   Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Эсенбаев көчөсүндө электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.                78-ӨКБ

1 б

1 12:44 12:54 12:59 14:13 14:24   Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы, Сайдулаев көчөсү №133,  сарайдын 30 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры, 120 түк жыйылган чөп, 200 боо жүгөрү сабагы жана 100 боо пахта сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
9.                75-ӨКБ

1 б

1 14:05 14:37 жеткенге чейин 14:59   Чаткал району, Терек-Сай айыл аймагы, Ак-Терек айылы, от жагуучу жайда электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби:  электр зымдарынын кыска туташуусу.
10.           65-ӨКБ

1 б

1 19:32 19:46 20:04 20:52 21:11   Сузак району, Сузак айыл аймагы, Подстанция айылы, Юнусов көчөсү №200, жалпы аянты 80 чарчы метр сарай толугу менен, 2 тонна жыйылган чөп, 2 м3 тактай күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.           20-ӨКБ

1 б

1 00:19 00:22 00:25 01:22 01:33   Сузак району, Чөкө-Дөбө айылы, Молдодосов көчөсү №10, турак үйдүн 20 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
12.           20-ӨКБ

1 б

1 06:10 06:15 жеткенге чейин 06:33   Жалал-Абад шаары, Камбаров көчөсү, турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

Баткен облусу

13.           74-ӨКБ

1 б

1 б

1 18:23

 

18:56

18:35

 

19:07

19:37 20:10 21:35

 

21:35

  Лейлек району, Исфана шаары, Бозогүл тилкеси №31, аянты 110 чарчы метр эки кабаттуу турак үйдүн биринчи кабаты толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 2ствА

2ствБ

14.           107-ӨКБ

1 б

1 19:23 19:30 жеткенге чейин 19:56   Кадамжай району, Кыргыз-Кыштак айылы, Давыдов көчөсү №24, турак үйдүн ичинде мор күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу.
15.           26-ӨКБ

1 б

1 б

1 06:03

 

06:18

06:06

 

06:24

06:45    

 

07:20

  Баткен шаары, Сайдулаев көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жатат. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  

Ош облусу

16.           64-ӨКБ

1 б

1 б

1 04:26

 

04:50

04:31

 

04:55

04:58 05:50 06:10

 

06:10

  Араван району, Юсупов айылы, Айдаров көчөсү №33, борбордук базардын аймагында 50 чарчы метр эт саткан дүкөн жана дарыкананын 20 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 суу каптоо, Ош шаарында 1 эшик ачуу, Чүй облусунда 1 суу каптоо, Жалал-Абад облусу 2 эшик ачуу, 1 издөө иши).

Бишкек шаары

Ленин районунда 20-январь күнү саат 14:42де аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу карлар эрип, Арча-Бешик конушунун Арашан көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине  КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары барганда, суу каптабагандыгы аныкталган. Куткаруучулар үй ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кайтышкан.

Ош шаары

21-январь күнү саат 03:18 де КР ӨКМнин Ош  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан №72 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Жайыл районунда  20-январь күнү саат 15:20да Жааган жаандын жана эриген кардын суулары ички арыкка батпай, Новониколаевка айылындагы Свердлов көчөсүндө жайгашкан №33 турак үйдүн короосун каптаган.

Жерине  КР ӨКМнин №22 ӨКБ куткаруучулары тартылып, суунун нугун буруп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда  20-январь күнү саат 10:55  КР ӨКМнин №5 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Көк-Жаңгак шаарынын Рыскулов көчөсүндө жайгашкан №43 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, бөлмөнүн ичинен 1938-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад шаарында 20-январь күнү саат 19:20да КР ӨКМнин №58 ӨКБ куткаруучулары Спутник кичи районунда Жеңижок көчөсүндө жайгашкан №5 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Майлуу-Суу шаарында 20-январь күнү саат 13:30да Тулебердиев көчөсүндө жайгашкан №80 турак үйдүн жашоочусу П. Азимов, Заречная көчөсүнүн жогору тарабында жайгашкан «Түлкү-Жар» жарында эчкилери камалып калып, чыга албай калгандыгын айтып жардам сурап кайрылган. Жерине 6 куткаруучу тартылып, жар өтө кооптуу болуп жана кеч киргендигине байланыштуу  КР ӨКМнин РӨКОнун №2 ИКО куткаруучулар П. Азимовдун (эчкинин ээси) үйүнө келип түнөп калышкан. 21-январь күнү иш-чара улантылат.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here