Араван районундагы касапканадан чыккан өрт ӨКМ тарабынан өчүрүлдү

0
48 просмотров

2021-жылдын 21-январына караган түнү саат 04:23да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын Араван району боюнча Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнү тарабынан Араван районундагы С.Юсупов айыл аймагынын Б.Айдаров көчөсүндөгү касапкана күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Маалыматты тактап саат 04:26 де күжүрмөн күзөт өрт болгон жерге саат 04:31 де жетип барган, саат 04:51 де кошумча күч каражат керек болгонуна байланыштуу өрт өчүрүүчү автоунаасы менен саат 04:54 тө окуя болгон жерге жетип барышкан,

Өрт кырсыгы саат 04:58 де чектөөгө алынып, 05:50 дө толугу менен өчүрүлдү. Өрт кырсыгынын натыйжасында жалпы аянты 70м2 касап кананын ичи, терезелери, күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here