2021-жылдын 22-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
133 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 22-январынан 24-январына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, 22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 22-24-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

23-24-январларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Баши районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 22-январынан 25-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 КР ӨКМги адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2021-жылдын 19-январь күнү №02-34/26-Т, КР ӨКМнин 2021-жылдын 21-январь күнү №02-34/36-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2021-жылдын 22-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Бүгүн эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

 

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган (Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган).

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10

11

Бишкек шаары

1.                6-ӨКБ

1 б

1 09:03 09:17 09:30 09:43 10:19 Ленин району, Ахунбаев менен Репин көчөлөрүнүн кесилишинде гараж №373 ичинде “Ауди” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, салону күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
2.                5-ӨКБ

1 б

1 13:40 13:51 13:58 14:01 14:23 Октябрь району, Улан кичи району №1/1, жүк ташуучу “Hyundai-HD45” үлгүсүндөгү    унаанын салону күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
3.                4-ӨКБ

1 б

1 16:36 16:44 16:45 16:56 17:18 Ленин району, Тыналиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Лексус RX300” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4.                8-ӨКБ

1 б

камаз

1 01:39

 

02:00

01:49

 

02:18

02:10 04:13 04:42

 

03:19

Биринчи Май району, Абдумомунов көчөсү №259А, кафе “Пур-Пур” жыгач устунду, ондулин жабылган  кафенин аянты 200 чарчы метр чатыры жана ичинде 2даана муздаткыч, 2 даана кир жуучу машина, 2 даана электр плитасы, шкаф күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ош облусу

5.                66-ӨКБ

1 б

1 12:55 13:00 13:10 13:48 14:00 Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айыл аймагы, Кара-Кулжа айылы, Юсупов көчөсү №86,  турак үйдүн 18 чарчы метр жыгач устунду шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештер менен моорлордун туура эмес түзүлүшү. 2ствБ

Талас облусуу

6.                93-ӨКБ

1 б

1 16:41 17:02 17:25 20:21 22:29 Бакай-Ата району, Кыргызстан айылы, Сейитказы көчөсү №13, ачык аянтта 30 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (Бишкек шаарында 1 эшик ачуу, 1 кыпчылып калган бутун чыгарып берүү, Жалал-Абад облусу 1 тоодон мал жандыгын түшүрүп берүу):

Бишкек шаары

Ленин районунда 21-январь күнү саат  13:57де  КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Каховская көчөсүндө жайгашкан №37 үйүндө батиринде жылуулук берүүчү батареясына 2015-жылы туулган кыздын кыпчылып калган бутун чыгарып беришкен.

Свердлов районунда 21-январь күнү саат  19:04тө КР ӨКМнин Бишкек  шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Шабдан Баатыр проспектисинде жайгашкан №43 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Майлуу-Суу шаарында 20-январь күнү Тулебердиев көчөсүндө жайгашкан №80 турак үйдүн жашоочусу П. Азимов, Заречная көчөсүнүн жогору тарабында жайгашкан «Түлкү-Жар» жарында эчкилери камалып калып, чыга албай калгандыгын айтып жардам сурап кайрылган.

Жерине  КР ӨКМнин РӨКОнун №2 издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, П. Азимовдун 4 даана эчкисин түшүрүп беришип, 4 эчкисин түшүрө алган эмес. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуна кайтышкан.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here