Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 280м2 чатыры шамалга учту

0
374 просмотров

2021-жылдын 22-январь күнү саат 9:57де Ош шаарынын Сулайман-Тоо кичи шаарчасынын Урицкий көчөсүнүн тургуну КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнө жогорудагы көрсөтүлгөн даректе жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатыры катуу болгон шамалдан улам бир бөлүгү жерге кулап, бир бөлүгү үйдүн үстүндө асылып, жарандарга кооптуу абал жаратып калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 8 адамдан турган 2 куткаруу тобу аталган дарекке 10:20да жетип барып, Ош шаарынын Сулайман-Тоо кичи шарчасынын Урицкая көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн кооптуу абал жараткан үйдүн чатырын болжол менен 50м2 жыгач устундуу тыныке менен жабылган чатырды эч кандай зыян келтирбестен жерге түшүрүп, коопсуз жайга коюп беришкен.

Жыйынтыгында Сулайман-Тоо кичи шаарчасынын Урицкий көчөсүнүн 15-үйүнүн 280м2 чатыры шамалга учкан.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here