Өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

0
93 просмотров
Жети-Өгүз районундагы тез татым жана гриль сатуучу жайлардын кызматкерлерине газ колдонуу эрежелери жана өрт коопсуздугу боюнча нускамалар өткөрүлүүдө. Иш чара ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жатат.
ӨКМ кыш мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин эскертет:
— ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды өрттөбөгүлө;
— бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуздар;
— бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;
— колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуздар;
— күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
— балдарды кароосуз калтырбагыла;
— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
— өрт катталган учурда учурда 112 жана 101 кыска номуруна чалыңыздар.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы
Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here